www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен эли эзели тың чыкма жетекчиге жарыбай койду. Акаевдин тушунда, тактап айтканда 2000-жылдары Мамат Айбалаев гана татыктуу губернатор болуп, тажиктерди чек арадан бери көздөй бастырбай турду. Андан кийинки губернаторлор болсо, аш-тойдо эле жыргап, айлык алып, өзүнүн жеке иштери менен илең-салаң болуп келишти. Азыркы губернатор Акрам Мадумаров да алардан өткөн жүдөмүш окшобойбу.
Айтор, анын 4-5 күндөн бери болуп жаткан чек ара жаңжалында бир да үнү угулган жок. Чек арада эмне болуп жатканын, алдын ала кандай чара көрүш керек экенин эч эле түшүнбөйт окшобойбу, деп "Багыт.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg