www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Периштелер"

Ымыркайлар жаткан палатада жымжырттык эч качан өкүм сүрбөйт, бирок кээде мемиреп, баары тегиз уктап калышат. Аларга күнбү, түнбү, айырмасы жок да, кааласа уктайт, каалабаса уктабайт, бири курсагы ачып, эмчек эмгиси келсе, бири чычып коюп, өз памперсинен өзү жийиркенип, баркырап ыйлап калат, кыйратып салгансып. Эми жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жумушу ошол да, эмчек эммей, уктамай, анан памперстерин булгамай.

Ошол кымындай көз ирмемдик тыныгууда алардын жанынан чыкпай капельница коюп, кээсине зонд менен сүт берип, өз милдетин аткарып жүргөн медайым менен нянька чыга калып кечки тамагын шам-шум этип алганга араң үлгүрүшөт. Төрөт үйдүн патология бөлүмүндө да тынчтык жок, анын үстүнө, акыркы кездерде маалынан эрте төрөлгөн балдардын саны да негедир көбөйдү… Ак халатчандар иштеген ушул төрөткана гана адам жүрөгүн башкача бир элжиреткен, адамдын бакытка, кубанычка бөлөгөн сезимдери көбүрөк пайда болчу жер окшойт. Тез жардамынын сиренасы да “ыңа-ыңаа-ыңаа” дегенсип, короого буркан-шаркан түшүп кирип келет. Аны уккан киши жылмайып, артынан карап калат: “Мына, дагы бир балакай төрөлөт азыр!” — деген ой кылт эте түшүп.

А медиктерге бул көрүнүш күнүмдүк эле көнүмүш адат: түнкү нөөмөткө келген медайым нянькасы менен таң атканча кирпик какпайт, наристелеринен көз албай тегеренип жүрүшөт. Мына эми тамак ичип олтура калганда гана бири-бири менен эки ооз аркы-беркини сүйлөшө калышат, ошондо деле сөз өздөрүнүн жумушу жөнүндө.

— Ишенесиңби, ушу… түнкү дежурствого келгенде эле корко берем,- деп калды медайым.

Нянькасы таң калып:

— Эмне коркосуң анчалык?

— Силер улам тез-тез алмашып, бириң келип, бириң кетип жүрүп, көп нерсени байкабайсыңар. Эгер билсең, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын кулагы укпайт, бизди көрбөйт деп ойлойбуз, туурабы? А бирок алар жаткан палаталарда периштелер учуп жүрөт дешет, балдар аларды көрөт экен, ошон үчүн бири коркконунан ыйлап жиберсе, бири алар менен кадимкидей ойноп, сүйлөшөт экен, ошон үчүн кээси уктап атып да жылмайат.

Алар тамактарын ичип, палаталарына жөнөштү…

Тырмактай уулу операциядан кийин реанимацияга которулуп, таң аткыча жанында жүргөн апасы жаңы эле палатасына келип, башын жаздыкка койгондо: “Тургула! Тияк-биягыңарды иреттегиле, азыр обход болот! Ай, мамаша, тур деп атам!” — медайымдын зиркилдеген үнү угулду.

— Турбайм, мен жаңы эле жаттым, эс алышым керек! — бир ымыркайдын апасы бурк этип алды.

Ал төрөтканадан кийин наристеси менен ушул балдар бейтапканасына кайра жатып калган. Тиги халатчан айым сестене түшүп:

— Ий, кандайсыңар анан, балаң жакшы болуп калдыбы? — Андан ары ал унчукпай басып кетти.

Бул төрөткана эмес, башка бир балдар бейтапканасы болчу. Деги ооруп жакшы боло албай, догдурга түшүп калган балдардын энелерине мына ушундай темирдей тартиптин кереги барбы? Баласынын азабын тартып, ансыз да уйкудан калып, санаа тартып, көз жашын көл кылып төгүп, кыйналып турган энени да түшүнүү керек ко?..

Аңгыча келиндин телефону шыңгырады. “Ооба, жакшы болуп калды, уйкум келип атат, бир аз эс алып алайын дедим эле.” Тиги телефондогу да жанын койбогон неме окшойт, болбой эле ар нерсени такып сурап туруп алды. Акыры уйкусу качты окшойт, түндү кантип өткөзгөнүн айта баштады.

— Апа! Коё туруңузчу, уксаңыз! Түндө бир укмуштай окуя болду. Эмчегимдин сүтүн саап, балага берип атсам, тегеректеги балдардын баары ойгонуп, чыркырап ыйлап башташты. Менин балам да көзүн алайтып, коркуп кетти окшойт, чыркырап жиберди. Бири калбай ыйлашат, палата ызы-чуу, бири да уктабай койду. Анан саат үч болгондо балдардын бирөөсү чарчап калды. Балдар такыр ыйын тыйбай коюшту. Биз жүрөбүз аларды соорото албай, эмне кыларыбызды билбей да калдык. Анан тиги чарчап калган баланын денесин таңкы саат алтыда алып кетишти. Ошондо гана баарысы тынчтанып, уктап калышпадыбы. Жүрөгүм эмгиче дүкүлдөп, эсиме келалбай атам, апа…

Алар баягы периштелерди көргөндөй эле, түндө келген жамандыкты да көрүшкөн окшойт, баары коркуп, жанында жаткан тиги наристени кыйбай, коркуп ыйлашты окшойт. Же өз жандарынан коркуштубу? Тиги баланын денесин алып кетишкенден кийин араң тынчтанып, уктап калышпадыбы.

Телефонду тыңшаган апасынын жүрөгү жарылып кете жаздады окшойт… Көзүнөн аккан жашы кекиртегин бууп салгандай сезилди. Үнү каргылданып:

— Макул анда, кызым, мен анан чалайын, сен уктап алчы… — дегенге араң жарады да, соткасын өчүрүп салды.

Пендечилик адамга көз ачып-жумгуча келет экен. Өзгөчө – балаң сыркоолоп калганда. Ымыркайдын тезирээк сакайышын тилеп, эмнеге гана көз каранды болбойт? Дарыгерлеге жалдырайт, алардын колунун жеңил болушун бүткүл Ааламдан тилейт, кудайга жалынат, асманга, жерге, отко, сууга да сыйынат, анткени, өз колунан баары келе бербейт экен…

Миргүл Өмүралиева

Булак: РУХЭШ

Последние новости