www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавы чектешкен жерде  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон эки тараптын эли менен жолугушту.

Жолугушууга кыргыз тараптан саналуу гана адамдар катышып, карапайым адамдардын талаптары айтылбай калганын Ак-Сай айылынын айрым тургундары билдиришти.

«Президент жолуга турган адамдар менен жолугуп кеткен окшойт. Бирок биз менен жолукканда жакшы болмок. Биздин да айта турган сөздөрүбүз көп эле. Баягы эле программа, баягы эле кырдаал. Элдин үнү бийликке жетпей жатат. Эгерде үнүбүз жеткенде биз кайра-кайра качпайт элек», - деди жергиликтүүлөрдүн бири.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жергиликтүүлөрдүн дооматына жооп берип, президент менен жолугушууга катышкан адамдар кимдер тарабынан сунушталаганын айтып берди.

«Алар Ак-Сай айылынын айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү деңгээлдеги айыл башчы, райондун акиминин сунушу менен жолугушууга катышкан. Ачыгын айтканда урматтуу президентибиз Тажикстандын президенти менен эле жолугуп кетпестен, элдин үнүн угуп кетейин деп атайын жолугушуу өткөрдү. Элдин баары менен жолугушууга бүгүн убакыт жетмек эмес. Өткөндө, 4-июлда Баткен облусуна президент иш-сапары менен келип, анда да Ак-Сайдын эли менен өзүнчө жолуккан».

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков  Баткен облусунун Ак-Сай айылында Баткен облусунун айылдарынын тургундары менен жолукканын жана анда чек арага жакын айылдардын социалдык маселелерин чечүү боюнча убада бергенин билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости