www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Астма жана жөтөл менен ооруган учурда:
1.Эртеӊ менен жана кечинде бир чай кашыктан ичүү;
2.Ооруган жерге сүйкөө;
3.Кара зиренин майы менен көкүрөктү жана жонду укалоо;
4.Зайтун майы менен аралаштырылган кара зиренин майын көкүрөккө сыйпоо керек.
Ревматизм оорусу менен ооруганда:
1.Сарымсактын беш бөлүкчөсүн карын ач кезде жеп, бир сааттан кийин кайнатылган тропикалык жыгачтын кургатылган кабыгына беш тамчы кара зире майын аралаштырып ичүү;
2.Зайтун майына аралаштырылган кара зиренин бир аз бөлүгүн көп ысытпай, ооруган жерге тез-тез сүртүү керек.
Баш айланган учурда:
1.Кара зиренин бир чай кашык майын чайга аралаштырып ичип алуу;
2.Жаактын алдына жана моюндун артына сыйпоо;
3.Күн сайын бир чай кашыктан ичүү менен бирге чекеге жана желкеге сүртүү;
4.Дартка чалдыккан учурда кара зиренин майын кулакка тамчылатуу керек.
Көз ооруган кезде:
1.Эртеӊ менен жана кечинде кара зиренин майын көзгө тамчылатуу жана бул процедурадан соӊ кара зиренин майынан бир кашык өлчөмүндө ичүү зарыл.
2.Уктаардан мурун кара зиренин майын көздүн айланасына сүртүп, кара зиренин майынын бир нече тамчысы кошулган ысытылган суусундукту ичүү керек.
Өттө жана бөйрөктө таш пайда болгон учурда:
Кара зиренин жанчылган уругун бал менен аралаштырып колдонуу өттө жана бөйрөктө пайда болгон таштарды эритип жок кылууга жардам берет.
Терилерди чор баскан учурда:
Эртеӊ менен жана кечинде кара зиренин майынан бир чай кашыктан ичип, күнүгө 3 жолу ооруган жерди укалоо керек.
Канда холестерин азайып кеткен кезде:
Жалбыздын кайнатылган суусуна кара зиренин майынан 7 тамчы кошуп, бал менен даамын өзгөртүп, күнүгө бир маал ач карын абалда жылуу боюнча ичкен жакшы таасирин тийгизет. Ал эми дарыланып жаткан кезде койдун майын жегенге тыюу салынат.
Ашказанда жара пайда болгон учурда:
Төрөт учурунда:
Кара зире төрөт учурундагы толгоонун оорусун жеӊилдетүүнүн эӊ мыкты дарыларынан бири катары эсептелинет. Колдонуунун ыкмасы: бал менен аралаштырылган кара зиренин майын жылытып туруп ичип алуу керек.
Чач жыдып түшө баштаган учурда:
Эртеӊ менен жана кечинде кара зиренин майын ичип жана бул май менен жумасына үч жолу башты укалоо керек. Өлчөмү: бир кашыкка бир кашык, же бир стаканга бир стакан кошулат. Башты кара зире менен укалаган кезде 10 мүнөт башты жуубай туруу керек. Анан 10 мүнөттөн соӊ башты шампунь менен жууган оӊ.
Көк боор сезгенген кезде:
Бир стакан укроптун кайнатмасына 5 тамчы кара зире майын аралаштырып, аны бир жума бою ичүү керек. Ошону менен бирге укорптун ордуна мажүрүм талдын жалбырактарын да пайдаланууга болот.
Простатит менен ооруган учурда:
Белдин негизги жерлерин кара зиренин майы менен майлоо, укалоо жана жука чурайларга сүйкөө керек. Ошону менен бирге жарым стакан жылуу сууга бир чай кашык балды, бир чай кашык кара зире майын жана бир чай кашык ромашка суусун аралаштырып ичсе болот.
Иммунитетти чыӊдоо үчүн:
Кара зиренин майын бир чай кашыктан 3 ай бою ичип жүрүү пайдалуу.
Сасык тумоо болгон кезде:
Кара зиренин кошулмасы жок таза майына чыланган пахтаны мурунга тыгып, 10-15 мүнөт туруу керек. Ошол учурда дароо жеӊилденүү сезилет. Эгер сасык катуу болсо анда бул процедураны кайталаса да болот.
Жүрөк сайгылашып сыгылган учурда:
Кара зиренин майынын бир нече тамчысын бир чай кашык бал жана бир чай чыны сүт менен аралаштырып туруп, ысык боюнча ичүү керек (муздап калганга чейин). Ошондой эле мындай учурда көбүрөөк салат жеш сунуш кылынат.
Кулак бүтөлүп калган кезде:
Кара зиренин майына чыланган кичинекей пахтаны кулактын ичине тыгыӊыз да, аны бир саат бою кулактан чыгарбаӊыз. Ошондо анын натыйжасы көпкө күттүрбөйт. Эскертүү: кош бойлуу жана эмчектеги бала бар кезде айымдарга кара зиренин дарысын ичүүгө тыюу салынат. Бир гаа ыкмасы: кара зиренин майын ооруган жерге сүртүү керек.
Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg