www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада 21 -июль жекшемби күнү болгон эрте жалпы шайлоодо берлиген добуштар саналып бүттү.

Украина Борбордук Шайлоо Комиссиясы билдирген расмий болбогон жыйынтыктарга караганда үкөктөрдүн баары ачылгандан кийин Украинанын президенти В. Зеленскийдин партиясы «Элдин кызматчысы» 43, 16 пайыздык добуш алып шайлоодон биринчиликти алып чыкты.

Орусия жактоочусу «Оппозиция платформасы» 10, 05 пайыз, мурунку премьер- министр Юлия Тимошенконун "Батькивщина" партиясы 8 ,18, мурунку президент Петр Порошенконун партиясы «Европа тилектештиги» партиясы 8, 10 жана рок группасы Океан Эльзинин солистти Святослав Вакарчуктун партиясы «Добуш» болсо 5, 82 пайыздык добуш алды.

Жыйынтыкка караганда Украинада парламентке 5 саясий партия кирди.

Укриана Борбордук Шайлоо Комиссиясынын 15 күндүн ичинде жыйынтыктарды расмий түрдө жарыялангандан кийин өкмөттү куруу иштери башталат.

Зеленский 20 -майда президенттик кызматка келгенден кийин Украина парламентин таркатып эрте парламенттик шайлоо чечимин чыгарган, - дейт trt.net.tr.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости