www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-июль күнү Ворух айылынын кире беришине Тажикстандын желектерин орнотуп жатканда Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар каршы чыгып, ортодо чыр тутанган. Ал ок атышууга чейин жетип, бир нече киши жаракат алды. Бугүнкү бийликтен кемчилик таппай, жумурткадан кыр издеп отурган Кой-Таштагы экс-президент Алмазбек Атамбаев ошол күнү окуя боюнча дароо билдирүү жасап, оозу-мурдун кыйшайтпастан туруп өзүнүн учурунда кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана деморкация маселеси дээрлик фиништик чекитине жеткендигин жар салып жибериптир кысталак. Сүйлөрдөн мурун артын бир кылчайып карап койбойбу, же түштөн кийин «шалпылдата» берсем эл ишене берет деп ойлойбу? Турмуш чындыгы менен карасак, АШАнын 6 жылдык башкаруусунда Тажикстан менен чек ара жаатында кыпындай дагы иш жүргүзүлгөн эмес. Жүргүзүлмөк турсун, АШАнын ээн ооздугунун айынан тажик жетекчиси Рахмон сүйлөшүүгө да келген эмес. Элдин эсинен чыгалек, 2014-жылдан баштап Тажикстандын чегарасында тынымсыз чыр чатактар чыккан. Бир курдай жылчыксыз кылып жаап салганын да билебиз. Анан кантип уялбастан туруп мурунку президент Алмазбек Атамбаев чек ара чечилип бүткөнүн айтып былжырап жатат?

Дегеле АША башкарган 6 жылда эмес, эгемендүүлү калгандан берки 28 жылдан бери чек ара толук чечилип бүтө элек. Эки өлкөнүн чеги 970 чакырымга жетет, анын 70тен ашык талаштуу участогу бар, ал аймактарда тынымсыз чыр-чатактар чыгып келет. Талаш курал-жарак колдонгон учурларга чейин жетип, адам өлүмү менен коштолгон фактылар катталып келет. Акыркы 2 жылдын аралыгында өкмөттөр аралык комиссия биринчи ирет 6-июлда тил табышып, ишти чекитинен жылдырды. Маселени тезирээк чечүү керектигине кыргыз тарап гана, тажиктер дагы кызыкдар экени билинди. Ошого катар Бишкек менен Душанбенин баарлашуусу да ыкчам түрдө жанданып, эки өлкөнүн президенттери Жээнбеков менен Рахмон дагы бардык жолугушууларда маңдай-тескей сүйлөшүүдө. Муну ЖККУнун, ШКУнун, КМШнын, «Бир кур, бир жол» платформасынын жыйындарынан көрүп жатабыз. Июль айынын аягында эки мамлекеттин жетекчилери расмий түрдө жолугушканы турат. Мына муну иш деп айтса болот. Факты менен сүйлөгөндү үйрөнөлү.

Баса, Атамбаев андай кыйын болсо, 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашылып, өкмөт башчылары кол койгон документке ылайык, Кыргызстандын Тажикстанга өтүп кеткени 104 гектар жери боюнча эмнеге чара көргөн эмес? Чоо-жайын айтсак, 2012-жылы ачыкка чыккан документте, Баткендеги «Айгүл-Таш» көмөк чордону менен коңшулаш Согду облусундагы «Канибадам» көмөк чордонун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн Кыргызстан Баткенднп чек ара аймагынан 90 гектар жер участогун Тажикстанга 49 жылга ижарага берилгени билинген. Ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков: «Чынында ал аймактан 90 гектар эмес, жалпысынан 104 гектар кеткен экен. Анын мыйзамсыз берилгенин аныктап чыктык. Биз муну иликтеп, ага кандайча жол берилип калганына жоопкерчилик маселесин карасын деп чечим кабыл алганбыз» деп айткан. Ал иш ошол бойдон билинбей кетпедиби. Жалпылап айтканда, 6 жыл өлкөнү башкарган адам чек араны жөнгө сала албай анан ал тууралуу акыл айтканга укугу барбы деген суроо туулат…

Статистиканы карап көрсөк, 2010-жылдан 2019-жылга чейин мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 155 ирет чырлуу окуя катталган. Тагыраагы, 2010-жылы 24 ин-ңидснтболсо, 2011 – 18 окуя, 2012 -18 окуя, 2013 – 19 окуя, 2014 – 32 окуя, 2015 – 10 окуя, 2016 – 11 окуя, 2017 -10 окуя, 2018 – 7 окуя, 2019 – 6 окуя катталган. Бул факты. Анан асмандан түшкөндөй АША бүгүн чыга калып актанып, кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдүн чечилиши акыркы стадиясына жеткенин айтканы акылга сыябы? Чек арадагы чырдын эң негизги себеби кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин аягына чыкпагандыгынын айынан болуп жатат. Муну бүт эл билет. Бүгүнкү күнү Тажикстан менен биргелешкен 970,8 км чек аранын 519,9 км же 54% өкмөттөр аралык паритеттик комиссия тарабынан чийилген, такталган. Ошол эле учурда калк жыш жайгашкан пункттар аркылуу өткөн биргелешкен чек аранын 46% же 450,9 км азыркыга чейин чийилбей, талаштуу болуп турат? - дейт "Де - Факто".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости