www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле менин курбу кызым Гүлкандын башынан өткөн окуясын сиздердин гезитке жазууну туура көрүп отурам. Аны өзү айтып берди. Гүлкан жаңы терөп, үйүнө чыгып келгенден кийин баласын көргөнү бардым. Барып эле курбундун башкача болуп өзгөрүп кеткенин баамдадым. Баштагы керсейген кулк - мүнөзүнөн эч нерсе жок, ушунчалык мамилеси жылуу-жумшак болуп өзгөрүлүп, мээримдүү аялга айланып калыптыр. «Ии, бала төреп, эне болгондо ушинтип өзгөрсө керек» деп коем ичимен. Кыйналбай - этпей эле боюнан бошоп алганын сурайбыз го. Ошентип сүйлөшүп отурганда:
- Сырга, сага жалган, мага чын, мен баламды Кудайдан тилеп алып калдым... - деди көздөрүн жашылдантып наристесин бооруна кыса. - Эмнеден алып калдың? - дептирмин го анча түшүнбөй. Ошондо ал мага айтып берип жатпайбы. ...Төрөтканага толгоо тартып түшкөндө эле врачтар: «Сенин толгооң али быша элек, таңга маал, эртең төрөйсүң», - деп жаткызып коюшат. Бирок, биринчи төрөтү болсо да, мына-мына келип калганын билип акушерди чакырган соң, алар шашып, төрөт столуна чыгарат. Төрөйт.
- Баятан бери ары-бери шашып чуркап атышкан ак халатчандар негедир тымтырс болуп, баланын «ыңаалаган» үнү угулбады. Көзүмдү ачып, кыйыгым менен карасам, тиги столдо сыя түстөгү кичинекей этти чүпүрөккө ороп жатышыптыр. Ал чүпүрөктү бирөөсү алып эшикке чыгып кетти... Бир нече мүнөттөн кийин төрөт залына кирген акушерка:
- Сенин балаң өлүү түштү. Аны дем алдырууга аракеттенип жатышат. Бирок, үмүт аз. Жаш экенсиң го, дагы төрөп аларсың... - деп жооткотуп, залдын жарыгын өчүрүп чыгып кетти.
Бирок, мен тогуз ай көкүрөк алдында көтөрүп жүргөн наристемди жамандыкка кыйгым келген жок. Жаратканга жалынып, көзүмдөн көл-шал жаш төгүп кирдим. Деги, Жараткандын адамзатына эмес, мышыгына да, итине да жаман айтпайын, мен кетирген күнөөлөрүмдү кеч, экинчи деги эле бирөөнүн алдынан кыя өтпөйүн, үнүмдү жогору көтөрүп сүйлөбөйүн... Жараткан, сен жараткан бир тамчы сууңа, бир тал чөбүңө кара санабайын, ушул перзентимди аман кыла көр! - деп эки колум алкымымдан кетпей жалынып жатам... Бир маалда мен жаткан караңгы залдын оң жак бурчунан бир жашыл жарык күйүп, ал улам мага жакындап келе берди. Мен аны карап таң калып, балким, акыл-эстен адашып баратат окшойм деп ойлоп кеттим. Жарык туура менин жаныма келип токтоп калганда, баягы акушерка кайра чуркап палатага кирип келген эле. Карасам, зал караңгы эле бойдон экен. Акушерка жарыкты жандырганда, анын жайдары жүзү көзүмө шак урунду.
- Сүйүнчү, балаң аман-эсен, азыр салмагын өлчөйбүз! - деп баланын салмагын өлчөөчү таразаны алып чуркап кетти. Баламды аман-эсен боорума кысканда, Кудайымдын бар экенине ишендим. Менин жалынган үнүм Кудайга жеткенине ишендим. Бул жашоодо бири-бирине акаарат келтирбей жашоо керектигин, ким болбосун, каерде болбосун көкүрөктөн Кудайга болгон ишенимди өчүрбөш керектигин түшүндүм...
Гүлкан курбумдун айтып бергендери мага катуу таасир этти. Чын эле кээде пендечилик кылып өзүбүздү өтө бийикке көтөрүп менменсип алганыбызды ар кимибиз моюнга алышыбыз керектигин мен да түшүндүм. Балким, Гүлканга көрүнгөн жарык Жараткандын пендесине чачкан мээримидир деп ойлодум ичимден.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ