www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз жана казак премьер - министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин 12-июлда Кыргызстанда тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүп бир катар документтерге кол коюшкан болчу. Анда Казакстан аркылуу өткөрүү режимин либералдаштыруу боюнча сүйлөшүшкөн. Маалыматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөр майнаптуу болгондугу, жакынкы арада чек ара бекеттериндеги жүк ташуучулардын көйгөйлөрү чечилээри баса белгиленип айтылган болчу.
Бирок, ушул кезде деле ал көйгөйлөр чечилбей, кайрадан эле кыргыз - казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралып, Кыргызстандык айдоочулар «Кең - Булуң» өтмөгүнөн өтө албай турушканы белгилүү болду.
Маалымат берген айдоочулардын айтымында ишемби күнү мындай узун кезек жок болгон. Жекшемби күнү узун кезек пайда болуп баштаган. Эң кызыгы «Ак - Тилек» чек ара бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалар жок. Эмнеси болсо да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн анчалык майнаптуу болбой калганы байкалат. Мурда дагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыксыз болуп калышы Таластагы Киров суу сактагчындагы иштерге байланыштуу болуп, Кыргызстан тараптын казак тарап койгон шарттарына макул болбой койгондугу үчүн мындай көйгөйлөр жаралганын жазып чыгышкан. Эмнеси болсо да эки тараптын талашы сый эле болсун, - дейт "Факты.kg" гезити.
Булак: NazarNews.kg