www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Он жыл мурун 2009-жылдын 23-июлунда президенттик шайлоо учурунда күтүлбөгөн жерден Алмаз Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев президенттикке талапкерлигин алып салат.

Ошол мезгилде БЭКтин талапкерин колдоп жаткандар бүт «шок» болгон. Эмне себептен эки-үч ай будуң-чаңды чыгарып, так шайлоо күнү эки талапкер чалкасынан кетти? Ал эмес “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Болот Шерниязов ызасына чыдабай Атамбаевке салынып ал деп жоолук берип жибериптир. Бул аял болуп кал деген деле сөз эмес, анткени эркектерден тың саясатчыл аялдар толтура. Бул андан да жаман “элди убара кылбай катын болуп, жоолукту салынып кал” –деген сөз.

2009-жылдын жазы да дүрбөлөң менен башталды. Ал бийликке тирек болуп жүрүп, оппозицияга ооп келаткан Медет Садыркулов, бийликти алмаштыруунун «Барбарос планын» түзүп, казак олигархтарынан колдоо алып, «Чоң казатка» аттанганга даярданат. Оор уйкуда жаткан оппозиция ойгонот. Өлкөдө революциялык кырдаал түзүлө турган болуп, бийлик да оппозицияга каршы «АБВГДейка» пландарын иштеп чыгат. «А» планы боюнча МЧСтин көзүн тазалаш керек болчу. Бул ишке ашып, оппозиция оңкосунан кетип, «нокаут» алат. «Б» планы боюнча, оппозиция эсине келгиче, президенттик шайлоону өткөзүп алуу керек болгон. Элди ишендириш үчүн ЖКдагы оппозициячыл КСДП фракциясынан бир депутатты сатып алып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөзөбүз деп какшатыш керек эле. Андай депутат табылат.Бир депутат Ош шаарындагы «сауна» бизнесин сактап калыш үчүн БЭКке, КСДПга айгак, саткын болуп, бийликтин көрсөтмөсүн так аткарат. «В» план боюнча, БЭКти бөлүп-жарып, «кол бала» оппозиция түзүш керек болгон. Муну куп аткарган Темир Сариев «Ак шумкары» менен бөлүнүп, БЭКке каршы иштейт. «Г» план боюнча БЭКтин республикалык штабына ишенимдүү адамын кийирүү керек болгон. Кудай оңдой берип, республикалык штабдын жетекчиси болгон Бакыт Бешимов инисинин Тышкы иштер министрлигиндеги кызматын сактап калыш үчүн жүзүн аларга бурат. Бирок, элдин сүрү башкы штабчыны уруп да ойнобой, акыркы «нз» болуп турган «Д» планын иштелип чыгат.

Бул «Д» планын 2009-жылдын 19-июлуна чейин аз гана адам билген. Ал эми 19-июль күнү бул пландын башкы каарманы КСДП лидери таанышып, бекитет. «Д» пландын негизги максаты провокация жасап, шайлоо күнү башкы атаандаштарын  мыйзамга негиздеп, шайлоодон сүрүп салуу болгон. Дүйнөлүк коомчулук жана Кыргызстанда өтө турган ЖККУ саммитине катыша турган мамлекет жетекчилери шек санабагандай жеңишке жетишүү керек болгон. Провокация өтө турган жер да кылдаат тандалып алынат.

Бийлик бутун тосуп, административдик ресурстарды айла-амалы жок колдонсо да, Ысык-Көл аймагы «жумуртка чабуулунан» «матч-реванш» алыш үчүн, БЭКти колдоп 32 миң добуш топтоп, талапкер Атамбаев көл аймагын кыдырганда эч бир чыр-чатаксыз, провокациясыз, дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алынып, салтанат менен узатылып жатты. Мунун артында ким турат?

Жаш депутат Кубаныч Кадыров менен байлыгы болгон менен, саясий түшүнүгү аз, акча десе оңко-тоңкосунан кеткен ач көз депутат Мирбек Асанакуновдун колдорунан мындай иш келмек эмес. Максим Бакиевдин «саясий технологдорунун» таш-талканын чыгарып жаткандар ким? Тыкаат аңдуулардан кийин бул сыр да ачылат. Көрсө, бул иштин сыры барып, саясий карьерасын жаңы баштап, 2007-жылы парламенттик шайлоодо көзгө көрүнүп, бул шайлоодо президенттикке талапкер Атамбаевдин шайлоодогу Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан Турдалы Көлбаевде экен.

Килтейген бийликтин «машинасына» туруштук бергенинин себеби, ал өзү теңиртоолук болсо да, көлдүктөрдү бийликке каршы тикесинен тургузуп, бөлүнүп берилген акчаларды, алкы бузук депутаттардай бөлө тартпай, элге так жеткизип, оппозицияны «жумуртка» менен курутуп атак алган «ОБОНчуларга» каршы өз командасын түзүп, провокациялардын баарынын алдын алып жатканы билинет. Ал эмес, анын бул кылган иштери үчүн талапкер Алмаз Атамбаевден алкыш алганы - башкалардын ичин туз куйгандай ачыштырат.

Максим Бакиев «бир ок менен эки коён атыш» үчүн өзүнүн «Д» планын ишке ашырууга көл аймагын тандап алат. Биринчиден, элге ишенимдүү болуш үчүн Түндүктөн элди көтөрүш керек . Экинчиден, БЭК ишенген эки депутат тең «дилетант» КСДП лидеринин сөзүнөн чыкпаган, бири жаш, бири аңкоо депутат болгондуктан, аларды алдап провокация жасоо оңой.

Экинчиден, 23-июль күнү шайлоо адилетсиз өтсө, Республикалык штабдын сунушу менен «элдик санак» уюштуруу боюнча «иш план» келип түшөт. Муну да жаштык инерциясы менен эл үчүн баш көтөргөн Т.Көлбаевге окшогон жаштар ойлоп табышкан. Качан бийлик административдик ресурстарды одоно колдонуп, бийлигине карата кысым менен мыйзамсыз иштерге барып жатканда, ага каршы иштелип чыккан «элдик санак» мааниси, бүткүл өлкө боюнча ар бир шайлоо участокторунун алдында көптөгөн эл топтолуп, шайлоо комиссиясына ачык түрдө «элдик санак» кылуу талабын коюу болгон. Эгерде эл чечкиндүү мындай кадамга барса, бийликтин дүйнөлүк коомчулук алдында кадыр-баркы кетмек.

Эл чогуларын бийлик алдын ала билген, ошол үчүн аны башка максатка буруу үчүн, бул план абдан жашыруун түзүлгөн. КСДП лидери фракциянын депутаты  Кубаныч Кадыровду 22-июлда чакырып алып, көлдө элди шайлоо күнү түштө чогултууга көрсөтмө берет. Ал көлдө жүргөн Мирбек Асанакуновго кабарлайт. Асанакунов областтык жана райондук штаб жетекчилерин Балыкчыга чогултат. Балыкчыга келген Т.Көлбаевге: -Борбордук штабдан Кадыров КСДП лидери менен жолугуптур. Эртеңки шайлоо күнү баарыбыз аткаруучу милдеттерибиз тууралуу Кубанычка түшүндүрүптүр. Сыягы, мурун бекитилген пландар өзгөргөн окшойт,- дейт.

Ошентип алар Кадыровду күтүп калышат. Кадыров келип мындай дейт: -Баары бир эртең шайлоо адилетсиз өтөөрү белгилүү болуп калды. Ошондуктан план өзгөрүлдү. Эртең саат 12де эле Балыкчыда митингге чыгабыз. Сен, Турдалы, ушул иштерди уюштуруу жагын колго аласың. Каражат болсо чечилген. Эгерде кырдаал курчуса, көлдүктөр бул бийликти ары-бери кылышыбыз зарыл.

Президенттикке талапкер Атамбаевдин, кырдаалдын мындай тез өзгөрүп кеткенине ичи бышпаган ыйгарымдуу өкүлү Т.Көлбаев: -Муну Алмаз Шаршенович билеби? – дейт. Алмаз Атамбаев республикалык штаб жана облус координаторлору менен бирге планды бекитти дейт. Ошентип эртеңки митингдин камын көргөнү кетишет. Эртеси шайлоо жапырт бурмалана баштайт.

Балыкчыда бийликке каршы чыккан Гүлнара Жамгырчиеваны (азыркы ЖК депутаты) ШИИБге алып кетет. Митингге шылтоо табылат. Митингге даярдык көрүп турган топ депутат К.Кадыровдун (апрель революциясынан соң ИИМ министринин орун басары болгон) буйругун, Кадыров болсо, КСДП лидеринин буйругун күтүп калат. Турдалы болсо, жөн турбай башка облустарда акыбал кандай экенин билүүгө аракет кылат.

Биринчи Атамбаевдин Нарын облусу боюнча штаб-башчысы Алмамбет Шыкмаматовго (азыр ЖК депутаты) чалып. Аларда эч кандай план өзгөрбөгөнүн билет. Андан соң телефон аркылуу Чүй облусу боюнча координатору Айбек Азыранкуловго ( Чүйдүн эксгубернатору) чалып, бул жакта да эч өзгөрүү болбогонун билип, көлдүн координатору Асанакуновго (көлдүн экс-губернатору): - Мирбек аба, бул «подстава» окшойт. Мен азыр Шыкмаматов менен Азыранкуловго чалдым. Ал жакта тынч, өлкө боюнча жалгыз көл чыгат экен. Нурбек аба Алмаз Шаршеновичке чыксаңыз,- дейт.

Ал: - Мен өзү менен сүйлөштүм,-деп болбой коёт. Аңгыча К.Кадыров элди дүрбөтүп митингге баштап алып жөнөйт. Бул митингдин айынан күнөөсүз адамдар бейкүнөө камалышкан. «Д» планы ишке ашып, шайлоо күнү Балыкчы эли көтөрүлүп, бийликтин провокациясы менен чыр чыгып, аларды ошону шылтоо кылып камашат.

Талапкер Атамбаев эч нерсени билбеген адам болуп пресс-конференция өткөзүп президенттикке талапкерлигин алып салат. Оппозиция оңкосунан сайылып, эл эмне болгонун түшүнбөй калат. «Күнкарама» КТРК тынбай бул маалыматты элге таратат. Атамбаев муну Бакыт Бешимов жасады деп, ал АКШга кире качкан, өздөрүн оппозициянын алдында акташ үчүн М. Асанакунов ким «крайний» экенин издебей, актаныш үчүн трайбалисттик сезимдери ойноп, көлдүктөрдүн арасында жүргөн жалгыз нарындык Турдалы Көлбаевге айып тагып, өздөрү бийликтин алдында суудан кургак болуп чыга келишкен.

Ал үчүн Көлбаевди эч жакка чыгарбай бир ай жашынтышып, башкаларга «Көлбаев сатып кетти» деп, өздөрүнөн кеткен кемчиликтерин саясатка жаңы аралашып жүргөн жаш жигитке шыбап салышкан. Ошентип, баш көтөрүп келаткан «чужой» Т. Көлбаевди, өз колдору менен «мууздап», бийликтин колуна салып беришет. Бир айдан соң иш татаалданышып баратканда, Т.Көлбаев бийликтин колуна М.Асанакуновдун көрсөтмөсү боюнча түшүп, Атамбаевдин Ысык-Көл району боюнча координатору Сопуевдин туура эмес маалыматтары менен таанышат.

Бийликтин «таш тырмагынан» кутулуу боюнча жардам сурап кайрылганда, кечээки эле ак кызматын кылып жүргөн М.Асанакунов күнөөнү ага оодарып, тескери бурулуп кетет. «Ак ийилет, бирок сынбайт», убакыт өтүп М.Асанакуновдун былыктары чыга баштады.

Ушул окуяны жакшылап изилдеп, кимдин чыныгы айыбы болсо, эл алдына ачык айтыш керек. Айыпты иштеп жаткан жаштарга түртө салып, аларды тебелеп-тепселей берсе болобу? Бул окуяга эч таанышы, акча, байлыгы жок жаштарга сабак болот. Анткени саясатта «азуулуулар» тез эле «жара тартып» кетерин жаштар салмактап көрсүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости