www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Кабыл кызы Айзуура, ушул кишилердин күбө өтүшүнчө сен өзүңдү Эшполот уулу Умарга туттуңбу? – Кара сакал, орто жаш айылдык молдо эки аялдын катарында ак жоолугун ээгине бууп салына отурган жаңы келинге кайрылды.
Келин унчукпады. Эки жеңеси эки жагынан акырын түрткүлөгөнүн этибарга албай бир нокоттон көз үзбөй нес.
Молдо аны түшүнбөй калдыбы деп экинчи мертебе дагы кайталады:
— Кабыл кызы Айзуура, ушул күбөлөрдүн катышуусунда сен өзүңдү Эшполот уулу Умарга багыштадыңбы?
Бөлмө көрүстөндөй жымжырттыкты жамынды.
Кыз көзүнүн кыйыгын ак калпактарын баса кийип отурган үч жигитке бурду. «Кимиси болду экен» деди ичинен. Кайра «кимиси болсо баары бир эмеспи» деди. Ары жакта да жоон-жолпу бир аял, чамасы, жигиттин жеңесиби, апасыбы – бирөө отурат.
Келинкана кылынып коюлган бурчта ак көшөгө тартылган. Сырттан иттердин сөөк талашып ырылдагандары угулат…
* * *
Айзуура бул түндөн – нике түнүнөн ушунчалык коркот эле. Турмушка чыкпаймын деген. Өмүр бою жалгыз өтө беремин деген. Эркек аттууну көргүсү келбей калган…
* * *
…Элдин баары Орусияга кетип атканда Каным деген алысыраак эжелери бизге жардам берсин, айлык төлөп турамын деп аны да ала кеткен. Базарга отуруп калды. Эжекеси таң атпай бир жерлерден шым таап келет, кардарлар менен сүйлөшөт, эптеп анысын алдап-салдап сатат. Айзуура эжекеси акчасын алары менен пакетке шымды жакшылап салып, кардардын колуна карматат да, ордуна башка ошондой шым алып чыгып коёт. Кээде күүжүм алгандар келет. Ошондо Каным эжекеси алапайын таппай калат да, Айзуураны жумшайт, сен товарларды сатып тур дейт. Бирөө келатса эле качып кетет, аны-муну сурап калса болду – тили буулат, ичинен суроосун билип, жообун да билип турганы менен орусча айта албай чайналат.
Кечинде жумуштан өлө чарчап келген Каным эжеси бутту узун сунуп, телевизордун пультун колго алып аркы каналга бир алып, берки каналга бир алып отуруп эле бир убак уктап кетет. Ушул учурда Айзуура ашканага чыгат да, колунан келишинче айылдагы үйрөнгөндөй тамактарды даярдайт, бышкан соң эжекесин ойготот, ал болсо чала уйкулуу көзү менен алдына келген тамакты араң көрүп жеген болот да, уктоочу бөлмөсүнө кирген бойдон кайра чыкпайт.
Таң атканда – кызуу уйкуда жаткан Айзуураны ойготкону киргенде гана анын бул үйдө жашаганы билинет. Айылдан келген Айзуура үчүн мындай көнүмүш жашоо улам барган сайын кызыксыз боло баштаганда Каным эжекеси дагы башка жерден шым сата турган точка ачып, жумуш издеп жүргөн дагы эки баланы таап келип, аларды да ишке салды. Эми мурдагы точкада Айзуура өзү көбүрөөк болуп, Каным эжеси шым таап келүү, эки точканы бирдей караштырып туруу менен алектенет. Күүжүм алгандарга айткан товар жетпей калса, эжеси берген аркы точкадагы Бектемир дегендин телефон номерине чалып, андан шым сурайт. Шыпылдап Бектемир айтканды беш мүнөткө жеткирбей алып келип калат да Айзуураны кылчактай карап, келген жагына кете берет.
Кээде аларга товар керек болсо, Айзуурада болсо Бектемир келип, дагы баягындай ууру көз караш менен контейнерге шап кирип, шымдарды колтуктаган бойдон алып кетет. Ушундай кызыктуу да, кызыксыз да жашоо уланып атканда, бир күнү эжеси булардын батир акысы үнөмдөлсүн деп эки баланы – Бектемир менен Үсөн деген ага жашы жактан чамалаш дага бир баланы үйүнө киргизип алды. Эми Айзууранын түйшүгү дагы артты: төрт кишиге тамак кылуу, кирлерин жууш, үтүктөш.
* * *
Кара сакал молдо кыздын унчукпай койгонунан кооптондубу, үчүнчү жолку суроосунан мурда алдында чыныда толтура турган сууну тиктеп ойлуу кеп баштап, сөзүн улады:
— Пайгамбарыбыздын хадистеринде мындай айтылат: “Эгер түгөйлөр экөө тең өз жарына жакшы көрүү менен карашса, Алла таала да аларга жакшы көрүү менен карайт, эгер айыптуу ишин колу менен кармап алса, анда күнөөкөрдүн күнөөлөрү манжаларынын астынан төгүлөт”. Ушул сааттан тарта экөөңөрдү ушул бир уурттам никенин суусу бириктирет. Бири-бириңе суудай таза болушуңар ылаазымдыр.
Айзуура маңдайын жаап турган жоолуктун ичинен чыныдагы сууну карады. Мелт-калт куюлуптур. Толуп турат. Анын ичинде төбөдөгү лампанын чагылышы ары-бери калкыйт. Колун сууга узаткысы, ал сууну төгүп таштагысы, анан башындагы жоолукту алып ыргытып, эшикке атырылып чыгып, туш келген тарапка чуркап кеткиси келип атат…
* * *
Айзуура ошол күнү ашканада күйпөлөктөп жүргөн. Эжекеси адатынча корейлердин бир сериялын көргөн бойдон уйкуга кеткен. Андан соң эстрадалык концерт башталган, аны көргөн киши жок. Жигиттер болсо кечигип аткан. Бир убакта эшик ачылгандай болду. Шырп алдырбай Бектемир ашканага чейин кирип келди. Анын оозунан арактын жыты сасыды.
— Мен сени сүйөм. Мен сага үйлөнөм, Айзуураш. Сен меникисиң! – Ушундай не бир жалыныч сөздөрдү айтып Бектемир Айзуурага асылды.
Үсөн келип калар, Каным эже ойгонор деп Айзуура чебелектеген сайын Бектемир анын оозун бекитип, халатын чече баштады. Ошол кезде Айзуура күтүлбөгөндөй чымырканып туруп, үстөл четинде жаткан аш бычакты Бектемирге карап шилеп ийди эле, анын билегинен кан шүүшүңдөп агып кетти.
Айзууранын колунан бычак ыргып, топчуланбаган халатын кумтуланып алууга да дарманы келбей тизелеп отуруп калды.
* * *
Айзууранын кулагына кайрадан хадис айтып аткан молдонун үнү жаңырды: «Кайсы бир аял күйөөсүнүн уруксатысыз үйүнөн чыкса, кайтып келгенче, же эри ыраазы болгончо Алланын каргышында болот».
Айзууранын кулагы чыңалып тунуп, жүрөгү мыкчып, буту-колдору калтырап атты…
* * *
— Менин сүйүүмдү түшүнбөдүң! Мени сайып салдың! – Бектемир жаалданып Айзууранын эми ич кийимдерине асылды. – Сени каматам!
Айзууранын көзү алачакмактанып, калтырап-титиреп туруп берди…
Туруп берди да, бир топтон соң халатын кийип жатып:
— Ушул ишти… кийин… дале болбойт беле… – деди да Бектемирдин көкүрөгүнө башын жөлөдү. – Мен дале сизди жакшы көрөт элем да…
* * *
— Эмне болду? Ойлондуңбу? Бир чечимге келдиңби? – Кара сакал молдонун акырын чыккан доошу угулду.
— Баарыбыз эле ушундай болгонбуз. Кыз баланын назы болбосо болот беле? – Жоон-жолпу аял чыйылдаган үнү менен молдону кубаттап кетти. – Көнө албай атасыңбы?
— Көнөт! Көнөт! – Кыздын эки жеңеси бирдей чыйпылыктай баштады.
Айзуура тиштенип, чымырканып атты. Шарт туруп кеткенге колу менен жер таянды.
* * *
Эртеси кечки чайда Үсөн бир нерсе айтайын-айтайын деп отуруп Каным эженин көзүнчө айта албай, Айзуура жалгыз калганда чыгынып туруп айтты:
— Бектемир айылга кетти. Мени Айзуура кечирсин деп айтты.
— Эмнеге кетти!? Эмнеге кечирсин деди!?
— Мен аны масчылыкта бузуп койдум деди. Айылда аялы бар экен, анын боюнда алты айлык баласы бар экен.
Ушул сөздү Үсөндүн оозунан укканда Айзууранын көзү караңгылап, көөдөнү зилдеп өзүн өзү жоготуп койду.
— Кантип?! Кантип эле?! Ишенбейм!
— Өзүңдү карма, Айзуура, балким кайтып келээр…
— Кереги жок! Кайтып келгенинин кереги жок! – Ушинтти да Айзуура идиш-аягын да жуубай, чуркап кирип, керебетине боюн таштап көз жашын көлдөттү…
* * *
Ошол күнү болгон иштин баарын Каным эжесине төкпөй-чачпай айтып берди. Ал болсо Бектемирди каргап-шилегени менен айыптын көбүн кайра кыздын өзүнө оодарды да эң акырында:
— Бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, апаң да билбесин, бир жеңеңе айтамын, ал сага ылайыктуу бир жигит табат да, эрге тийип аласың! – деп апаңа, жеңеңе деп кийим-кечек салып берип, өзүн да бир сыйра кийиндирип, колуна пул да карматып, айылга чейин алып кете турган бир классташ келинге дайындап, самолётко салып келди…
* * *
— Эшполот уулу Умар, ушул кишилердин күбө өтүшүнчө сен өзүңдү никелүү аял кылып алууга Кабыл кызы Айзуурага багыштайсыңбы? – Кара сакал молдо малдаш токунуп отурган ак калпакчан үч жигит жакты карап жооп күтүп туруп калды.
Эки жигиттин ортосунда отурган Умар унчукпады. Башын да көтөрүп койбоду. Эки досу эки жагынан акырын түрткүлөсө да, бул жерде экенин – өзүнө нике кыйылып атканын унуткандай үн да чыгарбады, шыбырт да бербеди.
* * *
Умар бул түндөн – нике түнүнөн ушунчалык коркот эле. Аял албаймын деген. Өмүр бою жалгыз өтө беремин деген. Аял аттууну көргүсү келбей калган…
* * *
…Тогузду бүткөндө эркек балдардын баары эле мектепти таштап кетмек болду. Бири – Бишкекке, бири – Орусияга, бири – Казакстанга дешип, айылда калса бир же эки бала эле кыздар толгон класста калышмак болду. Ошондо Умар да атасын ээрчип Астраханга кетти. Кыргыздар өзүнчө бир айыл болуп алыптыр: мал кармашат, дыйканчылык кылат, анча-мынчасы базарга чыгат. Умар атасы менен барганда дарбыздар быша баштаган экен, өздөрүнүн дарбыздары жок, ар кимге жардам берип, талаадан теришип, жолго ташышып, машиналарга жүктөшүп – айтор күнүмдүккө чыккан иштен баш тартпай бир аз акча таап, айылга салып жүрдү. Окуу ачылганда Умар кайда окурун билбей, ал жердеги мектепке кирейин десе, же документин алган эмес, же орусча билбейт, анан калса атасы кийинки жылга дарбыз экчү жер деп ижара алып, ал жерге дары себиш, көң себиш, арык казыш, жер текшилеш дегендей түйшүктөр буларды дароо басып калды.
Жазда дарбыз эгип, атасы экөө чаап, сугарып, азык берип, түшүмү жакшы болду, алып сатарлар ордунан жылдырбай Москвага, Сургутка, Камчаткага, Якутияга, дагы башка жактарга деп алып кетти. Айылга жакшы акча менен атасы барып да келди. Умарга жер алып, уста жалдап иш баштап келдим деп сүйүнүп да жүрдү.
Кийинки жылы да дарбыз жакшы акча болуп берди. Атасы дагы айылга кетип, анын кабарында маргаландык усталар жакшы чыгып, үйдүн дубалы бүтүптүр, үстүн жаап атышкан экен.
Эки жылдан кийин Умар да жолго чыкты. Жолго чыкканын, Бишкек аркылуу өтөрүн телефон аркылуу бүт группасына – классташтарга жазып салган. Алардын төртөө – Бишкекте иштеп аткандар тосуп алды. Сагынышкан достор чер жаза үч күн чогуу болду. Айылга жалгыз кетмек белең, бир жакшы кыз таап алып кетебиз, апаңды келиндүү кылып сүйүнтөсүң дешти бир күн достору бир ооздон сүйлөшүп алгансып. Апасы да телефон чалган сайын жалгызмын, келиндүү болсом болор эле, үйүң да бүтүп калды дей берчү. Кимди, кандай алып кетебиз деп отуруп, балдардын бири – Турдубай сүйлөшкөн кызым Токтокандын дос кызы бар деп сунуш кыла койду. Ошол Апалды алып качмак болушту. Иш башы кылып жууп да ийди. Айылга жеткире турган эки такси да табылды. Алардын да акчасы жакшы төлөндү. Алдын ала түзүлгөн план боюнча үч кызды шаардан сыртка ойнотуп келүүгө кам көрүлүп, аларды да көндүрдү.
Айылга түн оогондо жетти. Үч кыз, төрт баланы көргөндө Умардын апасы Умсунай жетине албай, баарынын башынан суу айлантып, балдарга багып жүргөн бордокусун союп да жиберди.
Таң эрте айылдык туугандар бирин-серин келе баштады. Кемпир-калач кобурашып отуруп, Апалдын башына жоолук салып, «ак жоолугуң башынан түшпөсүн», «тең арып, тең карыгыла» деп кете беришти. Кечинде никеси кыйылып, экөө жалгыз калганда Апал ага мурда да бирөө ушинтип алып качканын, бир жума жашагандан кийин энеси өзү жеңелери менен келип алып кетип калганын айтты.
— Сен эмнеге менин өзүмө алып качамын деп айтпадың? – Кыз түшүнүксүз көз караш менен Умарга тигилди.
— Билбейм. Достор алып качабыз дешти.
— Демек, сен мени көрбөй туруп алып качыпсың да.
— Апама келин керек болду…
— Демек, апаңа алып качыпсың да…
— Сени Астраханга алып кетем. Дарбыз эгебиз, дарбыз карайбыз.
— Сен эмне мени кул кылайын дедиңби?
Экөө көпкө кужурашты. Умар өзүн да, досторун да, апасын да, айылдык туугандарын да жемелеп, достордон калган дасторкондогу болгон аракты шыпкап ичип, кыз-күйөөгө деп салынган калың төшөктү оодарып таштап, жайдак полго жатып алды. Уктап кеткен экен, бир убакта Апалдын колдору анын баштарынан, чачтарынан, далысынан сылап жатыптыр. Чыдабай кетти…
* * *
Үч күндөн соң Умар айылын да, аялын да таштап Астраханга кетмек болду. Билет алган жерден компьютерден карап туруп, ал издөөдө экендигин, өлкөнү таштап чыгууга мүмкүн эместигин айткан соң көңүлсүз үйгө кайтып келип, көргөн көрүнүшкө эси ооду. Эки милиция менен эки аял келип Умардын апасынан, молдодон, кемпирлерден түшүнүк кат алып атыптыр. Умарды да кагып-силкип андан да түшүнүк кат жаздырып кете берди.
Бир ай милицияга каттап сурак берип жүрдү. Достору да, таксисттер да табылды. Акыры Апал менен бетме-бет кездештирди. Ал да бул немени мурда тааныбайт элем, тоо жакка чыгабыз деп алдап айылына алып качып барып, өз эркиме койбой жоолук салып, нике окутуп, аял кылып койду деп чыкты.
Экинчи айга өткөндө актоочумун деп бир киши жолукту. Алар жабырлануучу тарап менен сүйлөшөрүн айтты. Болбосо сегиз жылга кесилесиң деди. Сүйлөшүптүр. Адамдын оозуна батпаган акча сураптыр. Анын жарымын берелик деп келиштик деди. Астрахандан атасы Эшполот учуп келди. Мына-мына бүтөбүз деген үйдү жарым баасына сатып, болгон акчаны актоочуга карматты.
* * *
Молдо узун сөзгө кирип никеден кийин аялдын күйөөсүнүн алдындагы, күйөөсүнүн аялынын алдындагы парзы тууралуу айтып атты:
— Никеге турдуңбу, аял эркектин, эркек аялдын кароосуна өтөт, экөө бир адамга айланат. Зынага барса, оо дүйнөдө да, бу дүйнөдө да жооп берет. Келгиле дагы бир сурайын – кыздан, үчүнчү, акыркы сурашым: Кабыл кызы Айзуура, ушул кишилердин күбө өтүшүнчө сен өзүңдү Эшполот уулу Умарга туттуңбу?
Кыз үндөбөдү. Мелтиреди. Титиреди. Жакшы көргөн жеңесинин бир нече күндөн бери урушуп да, жалбарып да «барган жериңде отуруп кал», «мурдагың тууралуу эч нерсе айтпа» деген сөздөрү кулагына жаңыра берди. Кантип айтпайт? Кантип отуруп калат? Анан эмне болот?
— Башын ийкеп атат, молдоке! – Жакшы көргөн жеңесинин чый-пыйы чыгып кетти.
— Кыздын кулагы угабы?
— Угат.
— Тили барбы? Сүйлөй алабы?
— Сүйлөйт.
— Анда шариат боюнча баш ийкегени, кагазга жазып бергени жарабайт. Өз оозу менен макулдук айтышы керек. Анын айтканын күбөлөр угушу керек.
— Айт! Айт! – Эки жеңеси эки жактан чыкты.
— Доош кылып койбойбу, ботом. – Жигит жактагы жоон-жолпу аял да чыдабай кетти.
Кыжыры келген кыздын тамагы кычышып, кыска-кыска жөтөлүп ийди.
— Болду! Болду! Макул болду! – Баары бир ооздон жаалап кетти.
* * *
— Эшполот уулу Умар, ушул кишилердин күбөлүгүндө Кабыл кызы Айзуураны өзүңө никелүү аял кылып алууга макулдук бересиңби? – Молдо суроосун эми жигиттер жакка акырын жылдырып, жооп күтүп калды. Достору экөө эки жактан Умардын тизесине тизелерин тийгизип, айт-айт деп ишаарат кылды. – Күйөөнүн парзы, — деди молдо андан ары сөзүн улап, — аялын багыш: кийиндириш, ичиндириш, эгер илим үйрөнөм десе – илим алышына шарт түзүп бериш. Эшполот уулу Умар айта кой?
Умар ордунан шарт туруп, караңгы түнгө сиңип жоголуп кеткиси келди. Ошондой кыламын деп ойлоп, апасын аяп атты. Бир убак оор ойдон улутунуп алды. Анан үнүн сыртка чыгарып үшкүрүнүп ийди.
— Болду! Айтты! – Жигиттер бир ооздон кубанып баштарын көтөрдү.
— Андай болсо экөөң бүгүнтөн баштап эр-катынсыңар, сапарыңар узак болсун, ошол сапарда бириңе бириң өбөк, жөлөк болгула! – Молдо ушинтип туруп курандын кыска сүрөсүн окуп, экөөнө жана отургандарга нике суусун сунду.
* * *
Ээн бөлмөдө экөө жалгыз калды. Жоон-жолпу аял жарыкты өчүрүп, чыгып кетти.
Экөө калың салынган төшөктүн этегине келип отурду. Кыз ак шейшепти акырын түрүп койду.
— Умар! – Бир убакта бүт денесин калтырак басып жигиттин карааны жакка бурулду. – Атың Умарбы?
— Ыы. – Жигит да титиреп, жүзү албырып, доошу башкача чыкты.
— Сен менин биринчим… эмессиң… Мурда да…
— Айзуура. Атың ушундай беле?
— Ушундай эле…
— Сен да менин биринчим… эмессиң… Мурда да…
Жигит жарыкты күйгүздү. Экөө бири-бирин кыйлага жөн эле карап тура берди.
Электр плиткада бир чака суу боркулдап кайнап атат. Жанында чоң чылапчын, чылапчындын жанында эки аппак жүн сүлгү турат…
Эшиктен кыздын жеңеси баш бакты да, экөөнү карап да койбой жарыкты кайрадан өчүрүп чыгып кетти…
…Бөлмө эми мурдагыдан да капкараңгы болуп калды…
…Эшик жактан баягы иттердин сөөк талашып ыркырашкандары да угулбады…
Булак: Рухэш