www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозит эсебине (коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражат — ред.) эки миллиардга чукул сом которулган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 миллиард 968,7 миллион сом 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 24-декабрына чейинки аралыкта түшкөн. Жаңы жылдан бери акча которуулар боло элек.

Эң көп каражатты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы которгон. Анын суммасы 959 миллион 388 миң 42 сом 35 тыйын. Экинчи орунда Башкы прокуратура — 628 миллион 307 миң 432 сом 27 тыйын которгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 369 милллион 54 миң 77 сом 73 тыйын, Ички иштер министрлиги 11 миллион 983 миң 373 сом 72 тыйын которгон.

Эске салак,  президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражатка мектептер куруларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости