www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Детройт шаарынын өрт өчүрүүчүлөрү үй өрттөнүп жатканда чогулуп алып сүрөткө түшкөнү үчүн дисциплинардык жазага тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 31-декабрдан 1-январга караган түнү болгон.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн чогуу түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланган. Алар мындай "жоругу" менен пенсияга чыгып жаткан жетекчисин куттуктагылары келгени айтылды.
Өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Эрик Жонс кол алдындагылардын жоругун акылга сыйбаган көрүнүш деп айткан.
"Пенсияга чыккан адамды башкача жол менен деле куттуктаса болот да. Үй өрттөнүп жатса, анын так алдына туруп сүрөткө түшүү акылга сыйбаган нерсе", — деген Жонс.
“Өрт өчүрүү кызматы бул иш боюнча алгач иликтөөсүн жүргүзөт. Сүрөткө түшкөндөр дисциплинардык жазага тартылышы ыктымал”, деп айтылат маалыматта.
Аталган сүрөттү Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары дагы сынга алган, кийин сүрөт социалдык тармактан өчүрүлгөн.
Photo of Detroit firefighters posing in front of a burning house will be investigated, Detroit Fire Commissioner says https://t.co/II84kqfbUy pic.twitter.com/2CLiCbwTHF
— CNN (@CNN) January 2, 2020
Булак: NazarNews.kg