www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Жүрөккө сакталган табышмактуу өлүмдөр

Кээ бир учурларда айылдан кимдир бирөөлөр каза болуп жаназага барып калганда ошол кездеги сырдуу өлүмдөр эсиме түшө берет. Кээде өзүмчө ойлонуп коём "ошол өлүмдөрдүн бири-бирине байланышы барбы же тек гана дал келишүүбү?" деп. Бул окуяга башкалар да катышканы менен ага эч деле маани беришкен жок окшойт. Анткени ал окуя тууралуу эч кимиси сөз да кылган жок.

Окуя тээ мен бала кезде айылда болуп өткөн. Мектепте окуу жылы жаңы эле аяктап, ошол мектептеги окуучулардын бардыгы тоого эс алууга чыгышкан. Аны экскурсия деп койчубуз. Ал кезде арабызда бирин-экин эле мугалимибиз болот, ошолор бардык класстарды жетектеп жүрүшөт. Чиркин, биздин тоолор кандай гана керемет, өзгөчө ушул маалда ушунчалык кооз болуп көрүнөт.

Чөптүн бардыгы текши чыгып, ар түркүн гүлдөр жайнап өсүп айлана-чөйрө жапжашыл болуп турат. Бүлдүркөн, ышкын, көбүргөн, улар, пияз, деги койчу, ден соолукка пайдалуу көптөгөн тоо өсүмдүктөрү бар. Аларды тамакка кошуп жиберсең тим эле ушунчалык даамын чыгарат. Тоо абасы башкача бир керемет жыттанат, ушунчалык ырахат алып эс алып кайтасың. Арадан бир канча убакыт өткөн соң, кайрадан эле тоого чыгууну эңсей бересиң. Мен анда тогузунчу класста окучумун, бир класста окуган беш-алты бала атайылап артта калып калганбыз. Мугалимдердин жетегинде болбой өзүбүзчө ээн-эркин жүргүбүз келди. Алдыга кеткен мектеп окуучулардын бардыгы алыска узап өркөчтүү дөбөнүн ары жагына өтүп кетишти.

Алар таптакыр көрүнбөй кетишкен соң, бардыгыбыз өзүбүздү ээн-эркин сезип каалаганыбызды кылып, ырдап, күрөшүп ойноп келе жаттык. Ошо маалда кокусунан алдыбыздан кара чаар жылан чыга калды. Кылаарга жумуш жок тургандар дароо эле аны союл менен чапкылап кууп алышты. Анан муштумдай болгон чоң таштар менен ургулай башташты. Булар соо койбосун билген жылан болгон күчү менен соймолоңдоп качып жөнөдү. Балдар таштарды мөндүрдөй жаадырып атып, ага тийгизип жарадар кылышты. Ал качууга мүмкүнчүлүк ала албай бир жерге оролуп тыбырчылап калды.

Балдарга дал эле ушул керек болчу, анын үстүнөн таяк менен басып калышты дагы башын жанчып жиберишти. Ал таптакыр кыймылдабай жансыз жатып калганда, өздөрүнүн кылган ишине ыраазы болуша анын үстүнө даарат ушатышты. Жыргап каткырып күлүшө өздөрүнчө тим эле ошондон ырахат алып жатышты. Алардын мындай жосунсуз жоругу мага жаккан жок. "Байкушта эмне күнөө, жөн гана сойлоп кетип бараткан жылан болчу". Андан ары сапарыбызды уланттык. Акырындап мектеп окуучуларын кууп жетип аларга аралаштык. Мектептин эң эле улуу классы биз болгондуктан мугалимдердин "антпе, минтпе, тур, отур, бас" деген тыюу салууларынан оолак болгубуз келип, алиги төрт-беш эркек кайрадан өзүбүзчө бөлүнүп кеттик.

Тоо боорунан дал ошондой дагы бир жыланды кездештирдик. Жанагыдай көрүнүш дагы кайталанды. Аны таш менен бомбадай жаадырып ургулап отуруп акыры өлтүрүштү дагы үстүнө даарат ушатышты.

- Койсоңорчу, булар да болсо тирүү жандыктар да, эмнеге өлтүрүп жатасыңар, - десем, алар кайра тескерисинче мени жаман көрүп жатышпайбы.

- Эгер аны өлтүрбөсөң, сени байкатпай чагып алат, анан өзүң тыркыйып каласың, ха-ха-ха! - алар тим эле жасаган ишине корстон болуша жыргап күлүшүүдө. Биз бөлүнүп кеткен боюнча алдыңкы топко кошулган жокпуз. Алар төмөн карай кайтып баратканда биз тээ алыста калып шашпай улам эс алып келаттык. Тоодон чыгып узай бергенде алдыбыздан дагы бир жылан чыкты, ал качпай тикесинен тура бизге айбаат кылып кирди. Качкан пайдасыз экенин сезди окшойт.

Ошондо да болбой, канча калса да көп деген көп да, жабыла таштарды мөндүрдөй жаадыра аны жерге сулатышты дагы, бүт денесин эч нерсесин койбой башынан баштап куйругуна чейин жанчып, адеттеринче үстүнө даарат ушатып кетишти. Жол карата дээрлик үч жыланды курмандыкка чалдык. Анан эмне болду билесиңерби? Силерге калп, мага чын. Айылга кайтып барсак, айылда бир эле мезгилде үч адам каза болуптур. Болгондо да алиги жыландарды өлтүрүп, үстүнө заара кылгандардын жакындары экен.

Баарынан таң калычтуусу, үчөө тең бир мезгилде кечке маал болуп жатпайбы. Биз айылга кайтып келгенде үч үйдө ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүк болуп жатыптыр. Экөө эмнеден өлгөнү белгисиз, досум Болотбек дегендин энеси, үчүнчүсү күндүзү "кыйшайып жата турайынчы" деп керебетке жатып уктап калып ошол боюнча жаны чыгып кетиптир. Кийин угушума караганда берки эки өлүм деле ошондой болуптур, эч себепсиз эле оо дүйнөгө узап кетишиптир. Бирөөсү Мухтар деген биз менен чогуу окуган баланын таенеси (70 жашка чыгыптыр), экинчиси Керимбек дегендин атасы көз жумуптур. Ошол Керимбек жыландарга өзгөчө жырткычтык менен мамиле жасап, таш менен жанчып жаткан.

Арадан эки күн өткөн соң, айылдан үч өлүк тең бир мезгилде чыгарылып, көрүстөндөрдү карай багыт алды. Өлүктү алып кетип баратып өзүмчө ойлонуп бара жаттым, "алиги мыкаачылык менен жанчып өлтүрүлгөн үч жылан менен айылда бир мезгилде көз жумган үч өлүктүн бири-бирине тиешеси барбы?" деп. Бул табышмактуу окуяларга менден башка эч кимиси маани беришкен жок, атүгүл ойлоруна да келбеди. Ким билет, балким, окуя бири-бирине эч тиешеси жоктур, бардыгыбыз Жаратканыбыздын колундабыз да, болуп жаткан өлүм-житим бардыгы Алланын гана каалоосу менен болот, бирок табышмактуу ушундай окуя алигиче жүрөгүмө сакталуу боюнча калды.

Нурбек Асылбек уулу, Бакай-Ата району

Булак: "Шамбала"

Последние новости