www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурун соттолгон адам уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 23-январь күнү саат 19:00 чамасында белгисиз адам, 22 жаштагы Таш-Дөбө айылынын тургунунун  үйүнө кирип, жалпы суммасы 43 миң сомго бааланган уюлдук телефон, ноутбук жана электр курулуш инструменттерин уурдап кеткен.

Жабырлануучу  24-январь күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылган. Арыз келип түшкөндөн кийин, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында уурулукка шектелип, мурун соттолгон 49 жаштагы И.К. кармалган.

Ушул тапта  шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип,  Сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жаткандыгы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости