www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО: Депутат: НПОлорго 2 миллиард АКШ доллары которулду

Кыргызстанда жалпысынан 32 миңден ашуун бей өкмөт уюму бар. 26 жыл ичинде аларга жалпысынан 2 миллиард АКШ доллары чет өлкөлөрдөн которулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Бакыт Раимкулов билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында бей өкмөт уюмдары активдүү түрдө өлкөнүн ички саясатына аралашып, айрым учурларда мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна кедергисин тийгизүүдө. Ошондон улам депутат Жогорку Кеңешке коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Эл өкүлү билдиргендей бул мыйзам долбоору бей өкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн чектөө үчүн эмес, мамлекеттин коопсуздугу үчүн иштелип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости