www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухань шаарына дарыгерлердин 4100 адамдан турган армиясы жиберилди.

Кытай бийлигинин планы боюнча оорунун очогу болуп саналган шаарга 6000 дарыгер жиберилиши зарыл. Белгилей кетсек, дарыгерлерден турган армия жергиликтүү ак халатчандарга жардам берет.  

Бул тууралуу  Global Times   билдирди. Маалыматка караганда  Хубей дарыгерлери “Батыш дарыларына да, кытай дарыларына да” адистешип жатат.

 Эскерте кетсек, ооруга байланыштуу көптөгөн өлкөлөр Кытай менен чектешкен чек араларын жабышып, бардык каттамдарды жокко чыгарышкан.

Учурда бул оорудан 100дөн ашуун каза таап, 4500дөн ашуун киши жуктургандыгы кабарланды.

Ухань шаарында коронавирус менен жабыркагандар үчүн  февраль айында алгачкы госпиталь ачылат. Ал госпиталдын аянты 25 миң чарчы метрди түзөт жана ал 1000 бейтапка ылайыкташкан. Экинчи госпиталь 15 күндүн ичинде курулуп бүтөөрү жана ал 1300 адамга ылайыкталгандыгы маалымдалды.

Оорунун таралуу географиясы

Булак:NazarNews.kg

Последние новости