www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгиянын мурунку королу Альберт II сүрөтчү Делфин Боэлдин (Delphine Boël) биологиялык атасы экенин моюнуна алды. Бул тууралуу RTBF мурдагы монархтын юристтеринин пресс-релизине таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Альберт II ДНК тестинин жыйынтыгын алды. Ал Брюсселдин апелляциялык соттун талабы боюнча тесттен өтүүгө аргасыз болгон. Анализдин жыйынтыгы боюнча, Белгиянын мурунку королу Боэлдин биологиялык атасы. Ошентип, ал королдун төртүнчү баласы болуп калды жана мурастын бир бөлүгүн талап кылууга укугу бар.
Боэль Альберт IIден ДНК анализин 2013-жылдан бери талап кылып келген. Бирок ал учурда ал мамлкекет башчы болуп турган кез болчу жана сотто айыпталуучу болуу мүмкүн эмес эле.
Боэлдин энеси баронесса Сибил де Сели-Лонгшан (Sybille de Selys Longchamps) Альберт IIнин 1966-жылдан 1984-жылга чейин ойношу болгонун айткан.
“Мен инфекциянын айынын төрөй албайм деп ойлогом. Ошон үчүн биз сактанган эмесбиз”,-деп ал интервьюда билдирген. Баронесса кызынан атасы ким экенин бойго жеткенге чейин айтпай келген.
Анын документ боюнча атасы Сели-Лонгшандын мурунку жолдошу Жак Боэль болгон. Ал аялы менен ажырашканына көп болду жана болжол менен кызын жашоосунан алып таштаган.
Булак: NazarNews.kg