www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан келген кыргыз студенттери текшерүүдөн өтүп, карантинге алынган. Алардын дени сак экенин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин адиси Динара Оторбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан кайтып келишкен студенттердин баарынан лабораториялык изилдөө үчүн анализдери алынды.

«Кытайдан келген студенттердин дени сак, алдын алуу үчүн гана текшерүүгө алынды. Кыргызстанда коронавирус катталбагандыктан эл көп чогулган жайларда эч кандай санитардык тазалоо иштери жүргүзүлбөй эле. Учурда ОРВИнин сезону, ал эми жаңы вирус катталган жок», — деди  ал.

Кечээ, 27-январда, кыргызстандык киши коронавируска кабылды деп шектелип, ооруканага жаткырылган. Ал Таиланддан келген. "Манас" аэропортундагы тепловизор анын дене табы көтөрүлүп турганын аныктаган.  

“Таиланддан келип, ооруканага түшкөн кыргызстандык жарандын оорусу   коронавируска жакын эмес”,- деп кошумчалады Оторбаева.

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости