www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен 355 жетим балага 8 млн 552 миң сом таратат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
2020-жыл Президенттин жарлыгы менен Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Анын алкагында, “Ассанабил” коомдук-кайрымдуулук фонду 29-январда Чүй облусунун аймагындагы 180 жетим балага ай сайын берилүүчү 40 доллар өлчөмүндөгү жөлөк пулун чогултуп бир жолу тапшырат.
Иш-чара Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте уюшулуп, ага министр Улукбек Кочкоров катышат.
“Биздин “Ассанабил” коомдук-кайрымдуулук фонду быйылкы балдарды колдоо жылына карата, “балдар биздин бактыбыз - 2020” аттуу көӊүл ачуучу чоң программадагы майрамдык иш уюштуруп жатабыз. Ар бир балага жөлөк пул жана белектер менен бирге 2019-жылдын толук бир жылдык жөлөк пул (айрымдары 6 айга) берилет. Жалпы республика боюнча 355 балага 2019-жылга карата 8 млн 552 миӊ сом өлчөмүндө акча тапшырылат. Мындан ары дагы квартал сайын жөлөк пул берүүнү улантабыз”-дейт фонддун өкүлү Рахматулла Мухаммед.
Аталган фонд буга чейин жетим балдарга 40 доллар өлчөмүндө жөлөк пул берип келген. Быйыл, балдарды колдоо жылына байланыштуу 1 жылдык жөлөк пулду чогуу берүү чечимин кабыл алышкан. Иш-чарага Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышат. Активдүү жарандарды, массалык маалымат каражаттарын келип катышып кетүүгө чакырабыз.
Тапшыруу аземи Бишкек шаарындагы “Ала Арча” соода борборунда, саат 11:30да башталат.
Булак: NazarNews.kg