www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын бийлиги коронавируска каршы иш-чараларынын алкагында коронавируска шектелгендерди текшерүү (фильтр) үчүн Бишкектин четиндеги аскердик госпиталдан 100 орун даярдады. Бул тууралуу 28-январда жергиликтүү кеңештин жыйынында маалымат берип жатып Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселе боюнча Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашкан. Эгер госпиталь пайдаланыла турган болсо медициналык жардамга муктаж аскерлер республикалык ооруканаларга жөнөтүлөт.

Бул госпиталь коронавирус менен жабыркагандар көбөйүп, орун жетишпей калганда гана колдонулаарын Сыдыгалиев кошумчалады.

-Кудай сактасын, бирок бул госпиталь оору массалык түрдө тарап кеткенде гана пайдаланылат. Негизи чек арада - Токмокто, Кантта, Сокулукта, Кара-Балтада, Кеминде орундар камдалып жатат.

рыспек сыдыгалиев сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

Эскерте кетсек, аталган вирустан 100дөн ашуун киши каза таап, 4500миңден ашуун киши жабыркоодо. Саламаттыкты сактоо министрлиги 28-январда Кытайда окуп жаткан алты кыргызстандык студент мекенине кайтканын кабарлады. Алар 10-14 күн атайын изолятордо болот.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости