www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-майда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча 2024-жылдын 2-декабрындагы №3 токтомго өзгөртүү киргизүү маселесин караштырууда.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин («Адилет») айтымында, Болот Ибрагимовду ээлеген кызматынан чакыртып алуу боюнча «Эмгек» фракциясынан расмий кат келип түшкөн. Анын айтымында, маселе депутаттардын 1/3 добушу менен же фракциянын демилгеси менен депутаттар арасында жашыруун добуш берүү жолу менен чечилиши мүмкүн.
Болот Ибрагимов «Эл Үмүтү» фракциясынын мүчөсү.
Маселени кароодо Аскар Алмаз уулу («Эл Үмүтү») ага сөз берүүнү суранды:
«Мен вице-спикер Болот Ибрагимов эмне үчүн кызматтан алынып жатканы тууралуу суроо бербейм, анткени президиумда демилгечилерден эч кандай жооп болгон жок.
Мен бардык депутаттарга эмес, өзгөчө "назик" жана "таарынчаак" депутаттарга кайрылып жатам, анткени бул чечим таарынычтан улам кабыл алынган. Мунун баарын жакшы түшүнүп турасыздар. Сиздер биздин фракция силерди мыйзамдуулукка чакырганына, КРнын мыйзамдарын аткарууга чакыргандыгы үчүн таарындыңыздар.
Биз депутат болсок да эч качан жарандарыбыздан жогору эмес экендигибизди айткым келет. Мыйзам бардыгы үчүн бирдей. Ишибизде жакшы жылыштарды көрдүк, шаардык кеңештин депутаттары учурда КРнын мыйзамдарын сактай башташты. Адамдар белгиленген жерде тамеки тартып, жол эрежелерин сактап калышты. Бул түздөн-түз биздин фракциянын эмгеги», - деди ал.
Буга чейин ЖМКларда Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын тобу сессиядан кийин мэриянын имаратынын кире беришинде, так белгиленбеген жерде тамеки чеккени тууралуу маалымат чыккан.