www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Барыбыз тең дары алуу үчүн Осмонбек Артыкбаевдин «Неманына» шашабыз, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин дарылардын кымбаттап жатканы менен иши жок. Дары чөптөрдү пайдаланбасак болбой калды. Касиети өтө күчтүү, эркек мүнөздүү чөп бар. Ал пижма, май, июнь айларында талаалардын жээгинде, жолдордун боюнда, кургак жерлерде өсөт. Өзгөчө июнь айларында саргайып, жайнап гүлдөйт, боюу 50-70 см болот. Түп-түп болуп топтолуп, бир калыпта майда-майда болуп, жумуртканын сарысындай жыты сасыгыраак сары гүл ачат. Көп кишилер үйүнө терип келишип, асып, илип коюшат, анткени күбө жолобойт.

Дарт

Бөйрөгүндө таш-кум болсо, пижманын 5 гүлүн алып, 1 литр сууга 4-5 минут кайнатып, сүзүп, салкын жерге коюш керек. Тамактан мурда 20 минут чоң кашык менен 3 кашык ичет. 1 күндө 3 жолу 2 күн ичет, экинчи күнү 4 кашык, үчүнчү күнү 5 кашык ичет. Кайра ылдый түшүрүп, төртүнчү күнү 4 кашыктан 3 маал, эки күн ичет. 5 күнү, калган күшдөрү 3 кашыктан банкадагы сууну ичирип бүтүш керек. Бир күндө 3 маал ичип жатканда бөйрөк  ооруса, ваннага отургула, оорубаса кереги жок. Андан кийин ваннага ысык суу толтуруп, 2 кашык зайтун майын ичип ваннага отуруу керек. Ваннага заара кыла бериңиздер, жарым саатча отурасыздар. Ошондо пижма чөбү таш-кумду майдалап чыгарат, артынан 5-6 күн жүгөрүнүн  1ст чачыгын 1 л кайнаган сууга демдеп, 3 жолу  1 ст 7-8 күн ичет.

Пижма чөбү майдаланган болсо, 3 чоң кашыкты 1 литр сууга кайнатып, сүзүп алып, күндө тамактан 20 минут мурда ичет.

Касиети:

Боордо, өттө болгон таштарды майдалап жойот, ашказандагы, ичеги –карындагы микробдорду жок кылат. Ичеги – карын ооруп, ичи өтсө, көпсө, тез арада айыктырат, аялдардын этек кири көпкө чейин келгенде, аны калыбына келтирет. Аялдын климаксы келгенде ичсе жардам берет. Жаш кыздардын этек кири башталганда ооруп кыйналса, 3 кашык пижманы 1л сууга кайнатып ичет. Койдун майынан табарсыкка сүйкөп туруш керек. Каны суюк болгондорго, көк боору жакшы иштебегендерге, каны токтобой акканда кандын курамын жакшыртат. Башталып келаткан рак оорусун токтотот. 1 күндө 3 жолу, 4-5 күндөн ичсе, айыкканы билинет.

Пижманы июнь айында терип, ичкенде жылуурак, ысык ичүү керек. Денеде канча оору болсо, барына жардам берет. Пижманы сабагы куурайын дегенде, күчүнүн бары гүлүнө чогулат, ошондо үзүш керек. Эгерде гүлдөрү жумшак, сабагы көк болсо, анда пижма быша элек. Таш жолдун, темир жолдун алдынан тербегиле, май жыттанат. Кургатканда көгөрүп кетпегендей кылып, тез-тез аралаштырып, которуп туруу керек. Пижманын дарылыгы гүлүндө болот. Гүлүн терип алгыла, салкын жерге кургатып, койгула. «Грудная жаба» - деген жүрөк оорусу барлар, көкүрөгү, деми кысылганда жакшы жардам берет, кандын курамын жакшыртат.   

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости