www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20636 аскер бөлүгүнүн «Эдельвейс» тоо окуу-машыгуу борборунда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн катышуусунда өткөн «Борбор-2026» биргелешкен тактикалык окуу-машыгуусунун жабылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага окуу-машыгуунун жетекчиси, полковник Алмазбек Кожошев жана эки өлкөнүн аскер контингенттеринин өздүк курамы катышты.
Окуу-машыгуу 11-августтан 17-августка чейин өткөрүлүп, ага 500гө жакын аскер кызматчысы тартылды. Мындан тышкары, 100гө чейин аскердик техника жана курал-жарак, FPV-дрондор жана эки өлкөнүн армиялык авиациясы колдонулду.
Активдүү фаза учурунда аскер кызматчылары бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жана слаженностугун жогорулатууга, башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, ошондой эле курал-жарак жана аскердик техниканы колдонуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.
Машыгуунун жыйынтыгында аскер кызматчыларынын кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээли, бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсү жана эки өлкөнүн аскер контингенттеринин натыйжалуу кызматташуусу белгиленди.
«Борбор-2026» окуу-машыгуусунун алкагында коюлган бардык тапшырмалар толугу менен аткарылды.
Жыйынтыктоочу аземде тапшырмаларды аткарууда өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылар медалдар жана баалуу белектер менен сыйланды.