www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары консультативдик жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Консультативдик жолугушуу 5-6-августта Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) өттү. Кыргызстандын атынан президент Садыр Жапаров барды.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт жана коммуникация тармактарындагы региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Ар бир президент региондогу тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыздоо кызыкчылыгында ачык жана кеңири кызматташууга даярдыгын билдирүү менен достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ырааттуу процессин белгилеп, баяндама жасашты.

Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости