www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-майда, Кытайдын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия — Кытай” мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Документке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстандын президенттери жана Кытай лидери кол койгон.

"Жылуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өлкө лидерлери Борбор Азия жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы достук алаканы ар тараптуу жыйынтыктап, көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын тажрыйбасын жалпылаштырып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн багыттарын белгилеп алышты", — деп айтылат маалыматта.

 

Мындан тышкары, саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

“Борбор Азия – Кытай” өнөр жай-инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

“Борбор Азия – Кытай” форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы санариптик соода жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

"Борбор Азия - Кытай" форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

“Борбор Азия – Кытай” айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- “Борбор Азия – Кытай” форматында бажы кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү механизминин иши жөнүндө жобо;

- "Борбор Азия - Кытай" форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик алып кирүү жана алып чыгуу жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

“Борбор Азия – Кытай” Ишкер кеңешин түзүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Кол коюу аземинен кийин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин ЖМКларга билдирүү жасады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости