www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куксарой резиденциясыда Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда Өзбекстандын улуттук эстрада искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, эл артисти Фаррух Закировдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана искусство өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, кеңири коомчулук, ошондой эле Ялла ансамблинин катышуучулары катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Фаррух Закировду мааракеси менен куттуктап, ага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Президент Закировдор династиясынын улуттук музыка жана вокалдык искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Маалым болгондой, Өзбекстандын эл артисти Карим Закиров негиздеген чыгармачылык мектеп жана улуттук эстраданын негиздөөчүлөрүнүн бири Батыр Закировдун бай мурасы элдин баа жеткис руханий байлыгы болуп эсептелет. Бул салтты татыктуу уланткан Фаррух Закиров улуттук эстрада искусствосун жаңы деңгээлге көтөргөнү белгиленди.
Ошондой эле Фаррух Закиров Өзбекстанда гана эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндө, КМШ аймагында жана түрк дүйнөсүндө кеңири таанылган өнөрпоз экени айтылды. Ал Өзбекстан жана Каракалпакстандын эл артисти наамдары менен катар Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан, Татарстан, Башкортостан жана Ингушетиянын эл артисти наамдарына да татыган.
Салтанатта “Ялла” ансамблинин 55 жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн сахналарында чыгып, миллиондогон күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келатканы өзгөчө белгиленди. Ансамблдин репертуарындагы 400дөн ашуун ыр улуттук маданияттын алтын казынасына кирген чыгармалар катары бааланат.

Мамлекет башчысы Фаррух Закировдун коомдук-маданий турмушка активдүү катышуусун жана жаш таланттарды колдоодогу устаттык ишмердигин да жогору баалады. Анын жаш аткаруучуларды тарбиялоодогу салымы үлгү болоору белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин жарлыгы жана токтому кабыл алынганы маалымдалды. Ага ылайык, борбор калаадагы Яшнабад районундагы №7 балдар музыкалык жана көркөм өнөр мектебине Фаррух Закировдун ысымы ыйгарыла турган болду.
Бул мектепте “Ялла” аттуу балдар ансамбли түзүлүп, жаштар үчүн чыгармачылык лабораториялар, заманбап үн жана видео жазуу студиялары ачылат. Ошондой эле “устат–шакирт” салтынын негизинде эстрадалык аткаруучулук боюнча атайын класстар уюштурулуп, мыкты окуучулар үчүн чыгармачылык
окуу жайларга тапшырууга өзгөчө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Салтанаттын соңунда Фаррух Закировго улуттук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон көп жылдык эмгеги үчүн “Буюк хизматлари учун” ордени тапшырылды.
