www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, Колопов Илияс Сексенбаевич Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратындагы тармактык саясат башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Бул чечим муниципалитеттин тармактык саясат маселелерин күчөтүү максатында кабыл алынды. Белгилей кетсек, И.С. Колопов аппарат жетекчиси болуп дайындалганга чейин да ушул эле кызматты аркалап келген.
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Сапарбеков Руслан Жайлообекович дайындалды. Ал буга чейин Нарын облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматын ээлеп келген.
Анарбеков Абдес Сыпарбекович уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштеген.
Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратындагы шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Рыспаев Тимур Бейшенбекович ротация тартибинде Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы болуп Туголбаев Давлетбек Орозобекович дайындалып, ал буга чейин жеке компанияда жетекчилик кызматты аркалап келген.
Ошондой эле Бекбоев Бакытберди Нурланбекович өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын директору болуп Казакбаев Адлет Казакбаевич дайындалды. Ал буга чейин “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясында оңдоо -өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.