www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Осмонов ит тиштеген баладан кабар алды

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов бүгүн, 2-апрелде Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барып, иттердин тиштегенинен жабыркаган баланын абалы менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы туулган бейтап ооруканага 1-апрелде өтө оор абалда жеткирилген. Ага баш мээсинин орточо даражадагы жабыркашы, баш терисиндеги дефект менен коштолгон тиштелген чоң жаракаттар, тулку боюндагы жана буту-колдорундагы көптөгөн жарааттар, ошондой эле травмалык шок диагнозу коюлган.

Бейтап ооруканага түшкөн учурдан тартып дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө турат. Профилдик адистердин, анын ичинде кан тамыр хирургдарынын катышуусунда бир нече консилиум өткөрүлдү. Учурда бала жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу деп бааланууда.

Дамир Осмонов бейтапка толук айыкканга чейин бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи. Ошондой эле министр баланы медициналык мекемеге ыкчам жеткирген укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Последние новости