www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-апрелде, сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев боюнча бөгөт чарасын тандады.
Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен ал 1 айга №1 СИЗОго камалды.
Адвокат Жыргал Бабаев азырынча бул чечимге даттанаарын же даттанбасын билбей турганын билдирди.
Эске салсак, кечээ, 1-апрелде, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупциялык схема боюнча иликтөөнүн алкагында кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 4,1 млрд сомдон ашык деп бааланууда. Бул суммага жоготулган пайда жана төлөнбөй калган салыктар кирет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги билдиргендей, келтирилген зыян толук көлөмдө Шаирбек Ташиев тарабынан өндүрүлүп алынууга тийиш.