www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Лиз Трасс отставкага кеткенден кийин башкаруучу консервативдик партиянын лидерлигине жана өкмөт башчылыгына талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу ТАСС жазат.
"Мен 2024-жылдагы жалпы шайлоодо Консервативдик партияны жеңүүгө жакшы мүмкүнчүлүгүм бар деп ойлойм. Консервативдик партиянын мүчөлөрүнүн арасында партиялык шайлоодо ийгиликтүү болуп, 28-октябрда Даунинг-стритке кайтып келишимдин толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок акыркы бир нече күндө мен, тилекке каршы, бул жөн эле туура эмес болуп калат деген тыянакка келдим", - деди Жонсон.
Ал ошондой эле 102 консерватор депутатты ала алганын, ага байланыштуу формалдуу түрдө премьер-министрликке талапкер катары чыгууга мүмкүнчүлүк алганын белгиледи. Ошол эле учурда Жонсон премьер-министрликке башка талапкерлер – мурдагы каржы министри Риши Сунак жана Британия парламентинин общиналар палатасынын лидери Пенни Мордаунт менен байланышка чыкканын баса белгиледи.
Экс-премьер-министр улуттук кызыкчылык үчүн биргелешип иштөө боюнча макулдашууну көздөгөн, бирок тараптар орток пикирге келе алышкан жок.
Эске салсак, Борис Жонсон быйыл жайда өз партиясындагы кесиптештеринин көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосун жоготуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийинки жарышта Риши Сунак менен Лиз Трасс эң негизги атаандаш болуп, Трасс утуп чыккан.
20-октябрда Лиз Трасс Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кеткенин жарыялады. Аны бул кызматка 6-сентябрда ошол учурдагы британ ханышасы Елизавета II дайындаган. Өкмөт башчылыктан 45 күндөн кийин бошогон Трасс өлкө тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды.
Булак: NazarNews.kg