www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын экс-орун басары менен маек. “Алдын ала маалыматтар боюнча Тажикстан кайрадан согуш ачууга даярданып жатканы ыраспы? Бул жагы саясый чөйрөдө талкуулана баштады. Эгерде үчүнчү ирет тажиктер Баткенге бастырып киришсе, туруштук бере алабызбы?” деген соболду коомдук ишмер Артур мырзага узаттык.

-- Артур мырза, Тажикстан кайрадан согуш ачууга даярданып жатканы ыраспы?

-- Ооба, бир нече жылдардан бери Тажикстан согушка даярданып атат. Өзгөчө Афганистандын талибдери менен. Себеби, бүгүнкү күндө Афганистандагы тажиктер үч провинцияда:

Тахор, Тоолуу Бадахшан жана Панджшер капчыгайларында талибдер менен катуу согушуп жатышат. Тажикстан расмий ачыгын айтпаса да акыркы маалыматтарга караганда, афгандык тажиктерди курал-жарак, окдары менен камсыздап, ал жактан качып келген боордошторун эки жылдан бери жаап-жашырып багып атканы белгилүү.

Ошон үчүн алар талибдерге каршы согушка даярданганы анык.

-- Тажиктерди курал-жарак менен кимдер күчтөнтүп атат?

-- “Талибдерге каршы согушабыз, ОДКБга кирген мамлекеттерге коркунуч келтирет” деген таризде көптөгөн глобалдуу себептерин айтып, акыркы убакта Россиядан көп сандагы курал-жарактарды, акыркы үлгүдөгү танктарды, РСЗО, “Ураган”, “Град”, ж.б.у.с. аскер техникаларын алышкан.

Чалгындоочу учкучу жок аппараттар көбөйгөн. Вертолет, СУ-24 самолетторун алышкан. Бүгүнкү күндө Тажикстандын согушка биринчи кезекте талибдерге каршы даярдыктары жаман эмес.

Афганистандан качкан тажик улутундагы аскерлер Тажикстанга көптөгөн учактарды апкелген. “Блэкхаус” деген Американын вертолетторун, транспорттук учактар, мындан тышкары, жакынкы арада тажиктерге АКШ тарабынан чоң жардам катары санариптик радио түйүндөрү, согуштук атайын техникалары берилип, мындан үч ай мурун машыгуусун өткөзгөнүн билебиз.

Булар талибдерге каршы коргонуу, согушка даярдоо иштерин көрүп атышат.

-- Эмне үчүн талибдер менен?

-- Акыркы бир айдын ичинде Афганистандын талибдеринин талаа командирлери, ТИМдин орун басары тажиктер менен өзбектерге катуу эскертүү берди, “убагында Афганистандын аскерлери алып кеткен аба учактарын, техникаларын кайра кайрып бергиле же болбосо силер менен башкача сүйлөшөбүз” дешип.

А башкалары “биздин айтканды укпасаңар, афгандык тажиктерге жардам бергенди токтотпосоңор, эки жуманын ичинде силерди басып алабыз” деген мааниде эскертип келишет. Ошон үчүн согушка даярдыгы бар.

-- Эми биз менен тажиктердин мамилесине келели. Бу жагы түшүнүксүз болуп аткансыйт...

-- 2021-жылдын апрель айынын аягында Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Интернацонал деген айылдарга кол салып, өрттөгөнүн өрттөп, бир жарым миң баштай малын айдап кетти, административдик имараттарды, чек ара заставаларын талкалап, турак үйлөрдөгү мүлктөрүн уурдап-тоноп алып кеткендери белгилүү.

Головныйдын жанында жайгашкан айылдарды миномет менен атып, биздин жарандардын 36сы каза болгон. А биздин мамлекет аларды агрессор катары эл аралык сотторго бере алган жок, жыйынтык чыгарышпады.

Талкаланган үйлөрдү куруу, калыбына келтирүү, алып кеткен мүлктөрдү кайтарып берүү жагына чара колдонулбай калды.

Өздөрүнүн жоопкерчилигин сезбегенден кийин быйыл дагы Лейлектен баштап Баткен районунун Аксай жергесине чейин катуу чабуул жасап, 3-4 айылды басып алып, 700гө жакын үйлөрдү өрттөп, талап-тоноп, агрессиялык иштерди жасап, ошонун натыйжасында биздин 63 жараныбыз каза болду.

Эки жүздөй киши катуу жаракат алды. 140 миңдей адам үйлөрүн таштап, жер которууга аргасыз болушту.

Эгерде ушулардын баарын эске ала турган болсок, демек, талибдерге даярданган согуштук ыкмаларын жөнөкөй, тынч жаткан коңшулаш элге көрөзгөнү – бул дагы бир жолу агрессордук иштерин айгинелеп турат.

-- Эки мамлекет тынчтык келишимине кол коюшту. Бирок, тажик тарап дале обдулуп турган жокпу?

-- Жакын арада тынчтык келишимине кол коюшуп, ошол келишимде убактысынча бир заставаны, үч чек ара постун алып, “эки жактыкы тең” деп алар кандайдыр бир тактикалык жактан утушка ээ болду.

Ал эми Кыргызстан аргасыздан ушундай келишимге мажбур болду десем жаңылышпайм. Бирок ачыгын айтыш керек, бүгүнкү күндө Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин ортолорундагы айтышуусу, бир пикирге келишпестик дагы бир жолу айгинеленип, ал эми тажик президенти “Кыргызстандын Лейлек районунун жартысы же болбосо толугу менен биздики, керек болсо басып алам” деп, андан тышкары, “Ворухка кеткен жол түз болуш керек, эч кандай анклав эмес” деген пикирин ачык билдиргени – алардын кокус жагдай болуп калса бизге агрессорлук чабуул жасап, согуш ачууга даярданганын көргөзүп турат.

-- Бул жагы саясый чөйрөдө катуу талкуулана баштады окшойт...

-- Бүгүнкү күндөгү ички маалыматтарга таянсак, Тажикстандын куралдуу күчтөрү, чек арачылары, аскердик оор техникалары чек арадан анча алыс деле кетпей, ошол жакта чыңалуу абалында турат.

Демек, биздин максат: аларга каршы баардык тоскоолдукту түзүп, коргонуу операцияларын жогорку деңгээлде өткөзүшүбүз керек деген ойду пайда кылат. Экинчиден, ушул болгон окуя жеке эле Кыргызстанда эмес дүйнө жүзүнө белгилүү болуп, көптөгөн аналитик, эксперттер, саясый серепчилер бул боюнча алынган маалыматтын негизинде Кыргызстан тарапты жабырлануучу же болбосо жапа чеккен мамлекет катары, а Тажикстанды агрессиялык кадам таштаган деген пикирлерди айтып аткандары белгилүү. Бул жагынан маалымат талаасында Кыргызстандын утушу бар. Бирок, бул убактылуу эле болсо керек деп ойлойм.

-- Эгерде үчүнчү ирет тажиктер Баткенге бастырып киришсе, туруштук бере алабызбы?

-- Тажикстан, анын президенти тоталитардык, авторитардык режимди орнотуп алып, ошонун негизинде элди алаксытыш үчүнбү, же кандайдыр бир куралдуу күчтөрүн биз аркылуу текшериш үчүнбү, алган куралдарды пайдаланып, мүмкүнчүлүгүн көрүш үчүнбү, эмнегедир акыркы эки жылдын ичинде Кыргызстанга катуу чабуул жасап жатат.

Эгерде тажик бийлигинин буйругу менен чек арачылар, аларга кошулуп мурун кармалып соттолгон, түрмөдөн чыккан бузулган адамдар, Афганистандан качып келген тажик улутундагы экстремисттик, террористтик уюмдун мүчөлөрү бизди көздөй чабуул жасай турган болсо, биз чек ара багытында тажиктерге каршы туруштук бергенге баардык шарттарды түзө баштадык.

Бирок, оор техниканын, авиациянын, жогорку ракеталык системдердин аздыгынан пайдаланып, алар бизге карата өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышы мүмкүн. Ошондой окуя болуп кетсе, жаңжал чек ара жаңжалы эмес, кадимки согушту пайда кылышы мүмкүн.

-- Биз деле тажиктер үчүн арзан жоо эмеспиз да?

-- Албетте, арзан жоо эмес экенибизди эске алсак, ар бир метр жер үчүн, ар бир үй үчүн, ар бир айыл-кыштак үчүн биздин жоокерлер, атайын кызматтын “Альфа” тобу, ИИМдин атайын кызматынын бөлүмдөрү, ардагерлер буларга каршы согушканга баардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышат.

Мен ойлойм, бизде куралдуу күчтөрдүн жогорку деңгээлдеги техникалары, байрактар, акыркы үлгүдөгү учкучу жок аппараттардын чыгып атканы жана алынып келип атканы дагы бизге чоң потенциалдуу үстөмдүк бере алат.

Эң негизгиси, бизде бүгүнкү күндө билинбеген менен улуттук идеология пайда болду, ал – кыргыздын патриоттук сезими! Ошонун негизинде биздин жарандар, жаштар, аскерлер, ардагерлер кокус тажиктер кол салып кирип келе турган болсо, кандай болгон күндө да туруштук бере алат.

Анткен менен мындай нерсенин арты эки жактан тең абдан көп жоготуулар менен коштолот. Ошон үчүн мындай жагдайдын жаралбашына аракет кылып, тынчтык жолу менен, келишимдердин негизинде чек аранын аныктоо, тактоо ишчараларын тезинен бүтүрүүгө шарт түзүү керек.

Дипломатиялык жолдордун, каналдардын баардыгын иштетиш керек.

-- Сөзүңүзгө аралжы, биздеги чалгындоо жана куралдуу күчтөрдөгү реформа жагын кандай ойлойсуз?

-- Кандай болбосун, чек арага жакын жайгашкан аймактарда өзүбүздүн куралдуу күчтөрдү, аны менен кошо оперативдүү чалгындоо, контрчалгындоо иштерин күчөтүп, оор техникаларды атайын жерлерде жакын кармап, аларга коркунуч туудура турган, мизин майтарып, тийешелүү жообун берип, жерибизге киргизбей тургандай шарттарды түзүү зарыл.

Жакын арада биздин куралдуу күчтөрүбүздө, армияда реформалардын болгону оң. Ошону менен бирге чек ара кызматындагы коррупциялык иштердин баардыгын жокко чыгарып, тамак-аш, кийим-кече, жашай турган казармаларын, үйлөрүн, социалдык льготаларын, каржы жагын бүтүндөй кайра иштеп, баардыгын жогорку деңгээлге жеткирүүнү ойлонуштуруу керек.

Контракттык кызматты кеңейтип, курал-жарактардын жаңы модификациялары менен камсыздап, чек арачылар, ИИМдин, УКМКнын атайын кызматкерлери, спецназдар бир калыптагы, бир байланыштагы ыкма менен коргонгонго ылайыктоо зарыл.

Антпесек биздин жагдай өтө оор болуп калат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө бири-бирине болгон үстөмдүк, бир мамлекет экинчи мамлекетке агрессия кылып жерин басып алганга, же чек арада жаңжал чыгарып, ошонун негизинде согушка алып келген учурлар көбөйө баштады.

Акыркы кезде “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара, жер, суу маселелери жогорку деңгээлге көтөрүлүп, согуш чыгып кетсе” деген кандайдыр бир чет жактагы, анын ичинде Батыштагы үчүнчү топтун кызыкдар болгону баарыбызга белгилүү...

Булак: Азия News гезити

Последние новости