www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки мамлекеттин өкмөттүк комиссияларынын кийинки жолугушуусу 20-июнга белгиленди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин 4-июндагы сессиясында кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

«Париттеттик негизде бул жолку отурум Өзбекстанда болот. Ага макулдугун беришти. Алар даярдык көрүшөт. Биздин комиссия даяр турат»,-деди биринчи вице-премьер-министр.

Боронов парламентте хронологиялык негизде гана маалымат берип, калганын жабык талкуулоону сунуш кылган. Аны депутаттар колдоп, азыр жыйын жабык уланып жатат.

Эске сала кетсек, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлады.

1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбеккстандын премьер-минитри Абдулла Арипов жолугушкан.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну макулдашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости