www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Нарын шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун маалыматы боюнча, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чоң-Нарын каналындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен улам Нарын шаарына караштуу Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон жана Көтөрмө райондорунда жайгашкан 60 турак жайдын короолорун, чарбалык субъектилерди жана жолдорду суу каптаган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тармактык мамлекеттик органдарга финансы каражаттарды өз убагында бөлүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости