www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот иши уланууда.

Сот жараянына чейин жабыркаган тараптын туугандары айыпталуучуну видеого тартууну каалашкан. Бирок, судья Марат Сыдыков видео тартууга бир гана процесс үчүн уруксат бергендигин билдирди.

Залда чатакчыгып, сот аткаруучулардан жабырлануучулардын тарапташтарынын бирин алып кетүүнү суранды. Бирок, ал чыгып кетүүнү жана баш ийүүнү каалабагандыгын билдирди.

Эске салсак, Улан Салянов 2017-жылдын 5-ноябрында өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кылмышкерлер маркумдун үйүнөн эч нерсе алышкан эмес. Кылмышка шектүүлөр окуядан кийин из жашырып жүрүшкөн. Негизги шектүү адам 2017-жылдын декабрь айынын аягында кармалган. Ал бир нече жолу соттолгону белгилүү. Киши өлтүрүүгө шектүү 2019-жылдын май айында Бишкекке жеткирилген. Ал Москвада жашынып жүргөн.

13-январда болгон соттук отурумда айыпталуучулар жогорку даражалуу чиновниктердин ысымдарын айтууга даяр экендиктерин билдиришкени менен азырынча алар андай кылыша элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости