www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда миңдеген мугалим өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго ачык кат менен кайрылышты. Алар кесиптик кошуун мугалимдердин укуктарын коргобогонун айтып, бул уюмга мүчөлүк акы төлөөдөн баш тартышарын билдиришти. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Тилекке каршы, биз мугалимдердин укуктарын коргогон кесиптик кошуунду көргөн жокпуз. Мугалим мектепке жумушка орношкондо кесиптик кошуунга кириши керек болот. Бул билим берүү мекемелериндеги жазылбаган мыйзам. Мектептин эсепчилери мугалимдин макулдугусуз эле бул уюмга мүчөлүк акы кармап калышат. Мугалимдер кесиптик кошуунга мүчө экенин да билишпейт», — деп жазылган катта.

Мугалимдер ишкерлердин «Атамекен» палатасы жана Билим берүү министрлигинен кесиптик кошуундар менен түзүлгөн үч тараптуу келишимди жокко чыгарууну талап кылышты. Алар мугалимдерди автоматтык түрдө кесиптик кошуунга мүчөлүккө кабыл алууну жана мектеп эсепчилери тарабынан мүчөлүк акы кармап калууну токтотуу керектигин билдиришти.

Мугалимдердин укуктарын коргоо менен алектенген юрист Маржан Аспандияров катта жазылган талаптарды негиздүү деп эсептейт. Анын айтымында, мугалимдердин макулдугусуз эле алардын акчасын кесиптик кошуундун эсебине которуу мыйзамсыз.

Казакстанда үч кесиптик кошуун иштейт — Казакстандык кесиптик кошуундардын федерациясы, Казакстандын эмгек конфедерациясы жана Казакстан кесиптик кошуундарынын «Аманат» шериктештиги. Эксперттер бул үч уюмду тең көз карандысыз деп эсептешпейт.

Казакстанда көз карандысыз кесиптик кошуундарга басым бар экени, аларды каттоодон өткөрүү оор экени жана жетекчилери кысымга кабылары айтылып келет.

Эл аралык уюмдар бир нече жолу казак бийлигин көз карандысыз кесиптик кошуундардын ишине кийлигишпөөгө, жумушчуларга өзү каалаган уюм аркылуу укугун коргоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости