www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. \

Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 31…33 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости