www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңеште биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушканда эмнелер тууралуу сөз болгонун айтты.

"Эки тараптуу жолугушуудан кийин эки тараптын аксакалдарын чакырып, чогуу отуруп сүйлөшүп, мындай иштерге жол бербөө боюнча боюнча макулдашуулар болду. Андан кийин ар бир делегация өзүнүн калкы менен жолугушуу иштерин жүргүздүк. Биз дагы Чечме айылында жолугушууларды өткөрдүк.

Өзбекстан тараптан бизге үч маселе коюлду. Биринчиси, Риштан районундагы "Кайтпас" постун ачып берүү боюнча. Экинчиси, жайыт маселеси. Үчүнчүсү, Токтогул суу сактагычынан же болбосо Сыр дарыядан суу алуу маселеси боюнча суранычтар айтылды. "Кайтпас" посту боюнча биз өзүбүздүн позицияны билдирдик. Муну сөзсүз түрдө сиздер менен чогуу иштеп, эки комиссиянын алкагында карайбыз.

Биз тараптан дагы эки маселе коюлду. Биринчиси, буга чейинки чек ара боюнча иштеп жаткан эки мамлекеттин ортосундагы комиссиялардын ишин тездетүү маселеси. Макулдугун беришти. Сүйлөшүп, 20-июнда биздин комиссиялар жолуга турган болушту. Экинчиси, чыр чыккан күнү Сох районунун тегерегиндеги Кыргыз өлкөсүнүн эки айылында суу чыкпай калган экен. Тажик тараптагылар сууну буруп кетишиптир. Ал боюнча маселе ошол жерде эле чечилип, эки кошуна айылга суу берилди", - деди ал.

Ошону менен катар эле Боронов өзбек тараптан кечирим суроо болгон эместигин белгиледи.

"Былтыркы жылы кыргыз тарап макулдук берип, Риштандагы "Кайтпас" постун ачабыз деп кайра ачпай калганы боюнча өздөрүнүн пикирин айтты. Биз дагы өз пикирибизди айттык. Кечирим суроо эмес, ал жерде дипломаттык негизде, ошондой маселе болуп калганы өкүнүчтүү деп айтканбыз. Биздин кээ бир чиновниктер шашылыш кабыл алып койгон чечимдин негизинде биз ЕАЭБдин алдындагы милдеттерди эсепке албай айтып койгондуктан, эки тараптын ортосунда туура эмес маселе түзүлүп калды", - дейт Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости