www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдуу районунда бала бакчалардын биринде бычакчан адамдын кол салуусунан 40тай адам жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Ванву кыштагында болгон, жарадарлардын көбү алты жашка чыга элек балдар. Кылмышка барган адам ошол бала бакчанын 50 жаштагы кароолчусу болгон жана таң эрте күтүүсүз кол салган. Бир баланын, бакчанын директору менен дагы бир кароолчунун абалы оор экени айтылды. Кол салган киши камакка алынды жана аны бул кылышка эмне түрткөнү азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Кытайда бычак менен мектепке, бала бакчаларга кол салган учурлар буга чейин да катталган жана кылмышка барган адамдардын көбү акыл-эси жайында эмес экени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости