www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине,) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы №297 токтому менен жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган Мыйзам долбоору 2009-жылдан 2018-жылга чейин сугат айдоо жерлерине турак үйлөрүн куруп алган жана айыл чарба багытындагы жер үлүшүнүн жеке менчик укугуна мамлекеттик актылары бар жарандардын маселелерин чечүүгө багытталган. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-январындагы №12-б буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында 1711,80 га жер аныкталган, бул 11 300 үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүгө шарт түзөт.

Жарандар жерлерин мыйзамдаштырган соң алардын балдарды бала бакчага, мектепке берүү маселелери чечилет жана өздөрүнүн туруктуу жашаган дареги аныкталат. Жыйынтыгында жер ээлери жарандык укукка ээ болушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости