www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-июнда Фергана облусунун Сох районунда элдик депутаттарынын райондук кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү. Сессияда сөз сүйлөгөн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин 31-майда Өзбекстандын Чашма айылынын, Сох анклавы менен Чечме айылынын тургундарынын ортосунда болгон жаңжалдан кийин жасаган аракеттерин жогору баалады. Буга чейин Сох районунун тургундары аймак башчысынын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Сох районунун администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Фергана облусунун башчысы (акими) жөнүндө сөз кылып, төмөнкүлөрдү айтты:

«Албетте, бир нече күн мурун чек арада болуп өткөн жагымсыз жагдай бардыгыбызды көп нерселерди карап чыгууга, башкача көз караш менен кароого түрттү. Президенттин түздөн-түз тапшырмасы боюнча, мен жетектеген жооптуу бөлүмдөрдүн башчылары кырдаалды иликтөө үчүн бул жерге келишти. Биринчи кезекте, кырдаалды курчутууга Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев жана башка жетекчилер жол беришкен жок. Тынчтыкты баалоо - бул чоң бакыт », - деди премьер-министр Сох райондук кеңешинин сессиясында

 Эске сала кетсек, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун, анын ичинде 15 кишинин абалы оор экени кабарланган.

Бирок, Сох районунун жашоочулары жаңжалдын чыгышына жергиликтүү жетекчилерди, атап айтканда, Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевди күнөөлөшкөн.

Буга чейин социалдык тармактардын өзбек сегментинде Сох районунун тургундары аким Шухрат Ганиевди жана аймактын мурунку башчысын таш бараңга алганы көрсөтүлгөн видео пайда болгон.

 

Жаңжалга байланыштуу Сохко Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өзү келип, Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолуккан. Боронов менен сүйлөшүү болуп өткөндөн кийин Өзбек премьери жергиликтүү тургундардын ой-пикирин угуп, суроолоруна жооп берген. Ошол кезде тургундар Фергана облусунун жетекчисин жумуштан алуу суранычы менен кайрылганда, ал "бул маселени ойлоп көрөбүз" деген кыска жообун узатып койгон. Ариповдун жолугушуу учурунда "кыргыз делегациясынын жетекчиси кечирим сурады" деген сөзү кыргыз сегментиндеги социалдык колдонуучулардын нааразычылыгын туудуруп, өкмөттүн басма сөз кызматы бул суроо боюнча жооп берген

Өзбек маалымат каражаттарынын кабарлашынча, эл депутаттарынын райондук кеңешинин кезексиз сессиясынын жүрүшүндө райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Сайидбахром Сайидмусаев Сох районунунун жаңы акими болуп дайындалды.

Сайидбахром Сайидмусаевдин дайындалгандыгын жарыялаган Абдулла Арипов, Сох районунун жаңы башчысы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн чоң милдеттерди койгонун баса белгиледи.

31-майдан кийин Социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин үнүнө окшогон киши Сох районунун жашоочулары менен өткөн жолугушууда “чек араны жаап, чырлуу кыштакты картадан чийип салам” деп опузалаган аудиожазуу тараган.

Аудиожазууда Шухрат Ганиевдин үнүнө окшогон киши таш атууга шектелген жергиликтүү 74 жашоочуну түрмөгө камап, “чырлуу кыштакты” картадан чийип, бүтүндөй Сох районун тиешелүү нерселер менен камсыздабай коё турганын айткан:

"Ферганага 74 кишини ала кетейинби же жокпу?.. Эгер ушундай окуя дагы бир жолу кайталанса, мен мындан ары бул жакка келбейм… Ленбургдан (Сох анклавындагы өзбек айылы) ким келди? Биз аны Сох районунун картасынан чийип, камсыздоосуз калтырабыз! Силер бул жерде бизге маселе жаратуу үчүн отурасыңарбы?! Азыр 74 жигитти түрмөгө камап коёбуз, ошону каалайсыңарбы? Бүтүндөй Фергананы шерменде кылган силерсиңер! Буга чейинки кылган кылыгыңарды эстетип коёюнбу? Сохтуктар нашүгүр (шүгүр кылбаган) деген макала даярдатып койгонмун. Ушундай көйгөйлөр кимге керек? 74 жигит жөнүндөгү маалыматтар даярбы, прокуратура, ички иштер министрлигинени өкүлдөрү?", - деди ачууланган чиновник столду ургулап.

Аудиожазуу 2020-жылдын 31-майында чиновниктин жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда жазылган. Болжол менен кыргыз-өзбек тараптын таш атышуусунун кийин жазылган бул аудиодон  чиновник өз жарандары чыр баштап, тынч жашабай жатканына нааразы болуп жаткандай.

Аймактагы абалды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган. 

Кечээ, 3-июнда Өзбек премьер-министринин орун басары баштаган бир нече министрлер чек арага келип кетишкен.

Ушул аптагын аягына чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна барары айтылганы менен анын расмий билдирүү бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости