www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри менен сүйлөшүү учурунда алардан кечирим сураган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтү жергиликтүү булакка билдирген. 

- Чек ара маселесин талкуулоо учурунда Кубатбек Боронов боордош Өзбекстандын эли өзгөчө пандемиянын шартында жарыяланган карантиндин талаптарына байланыштуу өлкөбүзгө кирип-чыгууда чектөөлөргө туш болуп жатканын өкүнүч менен белгилеген, - деп жооп беришти өкмөттүн аппаратында. - Азырынча кыргыз тарап Өзбекстандын өтүнүчүн аткара албайт, бирок, коронавируска байланышкан абал турукташкандан кийин, эки тараптуу кызыкчылыктарыбызды жана эл аралык милдеттенмелерди эске алуу менен ал боюнча чечим кабыл алууга даяр.

Өкмөт ошондой эле кыргыз тарап коңшу өлкө менен кылымдардан бери уланып келе жаткан достук жана шериктештик мамилени эске алып, азык-түлүк, медициналык багыттагы жана биринчи керектөөдөгү товарларды жеткирүү үчүн өзбекстандык автоунаа жана аба транспортторунун тоскоолдуксуз киришин камсыздап жатканын белгиледи.

- Мындан сырткары, Соң анклавында жашаган Өзбекстандын жарандарын да өткөрүп жатышат, - дешти кабминден. - Азыркыдай оор кырдаалда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Кубатбек Боронов кечирим сураган эмес, ал болгону өкүнүчүн гана билдирген.

Эске салсак, буга чейин парламенттин жыйынында ЖК депутаты Закир Шарапов “Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кубатбек Боронов менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин кыргыз бийлиги Өзбекстандан кечирим сураганын айтты” деген.

Ариповдун "кыргыз делегациясынын башчысы кечирим сурады" деген сөзү социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыктарына себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости