www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрмө бекети 8-июндан тартып иштей баштамак болду. Бул маселе эки өлкө ортосунда макулдашылганын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алгачкы убакта эки өлкөнүн гана жүгү өткөрүлүп турат. Кийин бекеттин иши боюнча комушча маселелерди эки тараптын тийиштүү органдары талкуулап алышат.

Кыргызстан менен Кытай ортосунда автомобилдик эки өткөрмө бекети бар - Ош облусундагы “Эркечтам” жана Нарын облусундагы “Торугарт”. Экөө тең коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган.

“Эркечтам” Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин кайра уланткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости