www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полку күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөбүздүн аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алкагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер орун алгандыгына байланыштуу, жарандардын өмүрүн, саламаттыгын сактоодо, ошондой эле “Коронавирус” илдетинин андан ары жайылып кетүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында, 2020-жылдын 4-июнь күнүнөн тартып Чүй облусунун аймагында жайгашкан санитардык постордо коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери кызмат өтөөгө тартылышты.

Кызматкерлердин жеке коопсуздугун камсыздоо үчүн, ар бири коргонуучу каражаттар, антисептик, кол кап, бет кап, жана атайын кийимдер менен камсыздалган.

Андан тышкары, кызматкерлерге күн сайын кызматка чыгуу алдында жеке коопсуздугун сактоо эрежелерин жөнүндө нускама өткөрүлүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости