www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жашырууга шектелип кармалган дагы 2 милиция кызматкери тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, кармалган эки шектүү ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери болушат. Алар 23-августта убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 24-августта алардын бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен 1 айга тергөө абагына камалган.

Белгилей кетсек, буга чейин шектүү катары ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери кармалып, 2 айга камакка алынган. Кармалган 5 кызматкер тең Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө алып келген кылмышты жашырууга аракет кылган деп шектелүүдө. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Облустук милициядан билдиришкендей, кармалгандар ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо коомдук тартипти кароого тартылган кызматкерлери болгон.

Эскерте кетсек, 6-августта маркумдун агасы жана достору Бекбол Аманкулов ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун айтып жатканын, алар ишти жаап коеюн деп жатабы деген күмөн саноосун биллинге. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери маркумдун денесинде жаракаттар жок экенин айтып жатканы айтылган. 

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган. Алардын үчөө — мурда соттолгондор.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган ишти иликтөө учурунда 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан. Жалган көрсөтмө берген күбөлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилери айтылган.

Кийинчерээк Ички иликтөө кызматы милиция кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштерин баштаганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости