www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилия

Бразилиянын Дары-дармекти жөнгө салчу мекемеси Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасын каттоодон баш тартты.

"Anvisa" деген аталыш менен белгилүү регулятор 26-апрелде вакцинаны текшерүүдөн соң коопсуздугуна, сапатына жана эффективдүүлүгүнө байланыштуу тобокелчиликтер бар экенин билдирди. Аталган органдын биопрепарат жана дары-дармек боюнча менежери Густаво Мендес “олуттуу кемчилик бар” деп айтты. Мындан соң Бразилиянын тиешелүү органы орус вакцинасын колдонууга уруксат берген жок. Буга чейин коронавирус жайылып жаткан бул өлкөнүн бир нече штатынын башчылары "Sputnik V" вакцинасын колдонуу боюнча сунуш жолдогон.

Бразилия соңку айларда коронавирус тез жайылган өлкөлөрдүн бири болууда. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча бул өлкөдө 14 миллион 370 миңге жакын адам вирус жуктурса, 391 миңден ашык адам көз жумду. Ошентип, Бразилия СOVID-19 вирусунан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты.

Бразилияда коронавируска каршы эмдөө вакцинанын жетишсиздигинен жана кечиккенинен улам бир катар көйгөйлөр менен коштолууда.

“Sputnik V” вакцинасы 2020-жылы Орусиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология институтунда иштелип чыккан. Анын СOVID-19 вирусуна карата натыйжалуулугу алгач күмөн жаратып, жыйынтыктоочу үчүнчү сынак бүтө электе эле Орусияда расмий катталганы сынга алынган. Кийин “The Lancet” журналы орус вакцинасы дээрлик 91% натыйжа көрсөткөнүн жазып чыккан болчу. Аны бир катар өлкөлөр колдонууга уруксат бергени менен Европа өлкөлөрү каттоодон баш тартып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости