www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бразилиянын түштүгүндөгү Блуменау шаарында 25 жаштагы жигит жеке бала бакчага балта менен кол салып, төрт баланы өлтүрүп, бешөөнү жарадар кылган. Бул тууралуу O Globo басылмасы билдирди.
Кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:00 чамасында болгон.
Полициянын өкүлү Марсио Альберто Филиппинин айтымында, кол салган адам кармалып, мурда соттолгону белгилүү болгон.
«Ал 40ка жакын бала тарбияланып жаткан бала бакчада дубалдан секирип, бул мыкаачылыкка барган. Төрт бала каза болду», - деди полиция кызматкери журналисттерге.
Мугалимдер балдарды коргоо үчүн чуркап чыгышкан, андан кийин кол салган адам качып кеткен. Кылмыштан кийин өзү милиция бөлүмүнө келип, багынып берген.
Каза болгон балдардын арасында төрт жаштан жети жашка чейинки үч эркек жана бир кыз болгон. Кол салуу балдар короодо жүргөндө болгон.
Жабыркаган беш баланын биринин абалы оор. Анын моюну жаракат алып, операцияга муктаж.
Блюменаудагы мектептер эки күнгө сабактарды токтотушту. Губернатор Жоржиньо Мелло штатта үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.
Булак: NazarNews.kg