www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актер Брэд Питт “Однажды в... Голливуде” фильминде жараткан ролу үчүн “Экинчи пландагы актер” номинациясындагы “Оскар” сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу кечээ, 9-февралда Американын академия киноискуствонун 92-сыйлык тапшыруу аземинде жарыяланганын ABC телеканалы билдирди.

“Однажды в... Голливуде” фильми режиссер квентин Тарантинонун сценарийи боюнча тартылган. Фильм 1960-жылдардагы Голливуд жөнүндө, актер Рик Далтон жана анын дублеру Клифф Бут жөнүндө болот. Питтен тышкары Ленардо Ди Каприо, Марго Робби, Эмиль Хирш, Маргарет Куэлли роль жараткан.

Аталган категориядагы сыйлыкка коюлган талапкерлер “Ирландец” фильминде роль жараткан Жо Пеши, Аль Пачино, “Прекрасный день по соседвтву” фильминдеги Том Хэнкс, Энетони Хопкинс. Питт талашсыз фаворит болуп саналчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости