www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте уурулукка шектелген жаш кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, кылмыш 3-апрелге караган түнү Рыскулов көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон. Борбор калаанын тургунунан 90 миң сомдук телефону, 210 миң сому жана 404 миң 890 сомдук якут бриллианттары уурдалган.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен ЭҮПке катталган.

Биринчи май РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган К.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштеринин алкагында милиция анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экенин аныктаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости