www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британ премьер-министри Риши Сунак иш сапарында жүргөндө мамлекеттик каражатты ысырап кылган деп айыпталган. Бул тууралуу Mirror кабарлады.

Мааалыматка ылайык, саясатчы алты жуманын ичинде эле мамлекеттик бюджеттен 500 миң фунт стерлинг (48 миллион сом) короткон. Атап айтканда, адам Египетке, Латвияга, Эстонияга жана Индонезияга учактар ​​менен барган. Мисалы, Египет сапарына 108 миң фунт стерлинг (10,3 миллион сом), Балидеги G20 саммитине барууга 342 миң фунт стерлинг (33 миллион сом) сарпталган.

“Бул салык төлөөчүнүн акчасын ысырап кылуу, анткени адамдар өз эсептерин кыйынчылык менен төлөп жатышат. Өкмөт айлана-чөйрөгө кам көрүп жаткандай түр көрсөтүшү мүмкүн, бирок чындыгында, бул жол менен ал өзүнүн убадаларын бузуп жатат”,-дейт парламенттин депутаты Вера Хобхаус.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын сентябрында Эквадордун президенти Гильермо Лассо өлкөнүн бюджетинин кызыкчылыгы үчүн өзүнүн Legacy EMB-135 BJ жеке учагын сатыкка койгон. Мамлекет башчынын айтымында, мамлекеттик чыгашаларды рационализациялоо жана республикалык бюджетти теңдештирүү үчүн өндүрүмсүз, натыйжасыз же керексиз активдерди сатуу зарыл.

Булак:  NazarNews.kg 

Последние новости