www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аты аталбаган Улуу британиялык адам вазаны кайрымдуулук дүкөндөн 1 фунт стерлингге (85сом) сатып алып, аны кайра онлайн-аукциондо кымбатыраак сатууну көздөгөн. Бул тууралу Daily Mail билдирет.

Ал маалыматтарда айтылгандай, вазаны сатып алуу кызыкчылыгын билдирген кардарлар биринин артынан бири чыккан. Буга таң калган ал киши антиквариатты баалоочуларга текшерткенде, табылга чанда кездешчү кытай вазаларынын бири болуп чыккан. Тагыраагы, адисттер вазанын экспорт үчүн чыгарылбаганын, ал 1735-жылдан 1796-жылдарга чейин Кытайды башкарган император  Цяньлунга арналгандыгын айтышкан. Муну тастыктоочу императордун үй-бүлөсүнө таандык белги коюлгандыгы менен түшүндүрүшкөн.  

Вазанын өңү сары түстө болгон. Бул болсо императорлордун түсү катары сыпатталып келет. Ал эми тоголок келген бир тарабында ыр саптары жазылганын, экинчи тарабы жалпак болуп, ал тамга бекитүүгө ылайыкташтырылганы сүрөттөлөт ушул эле маалыматтарда. 

Вазанын учурдагы наркы болсо 80 миң фунт стерлингди (6,8 млн сом) түзүүдө.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости